Пример HTML-страницы

Өлкөдөгү калкы эң көп райондордун бириндеги таштанды талаасы. Дрон менен тартылган видео

Акыркы жанылыктар

TurmushНоокат шаарындагы таштанды талаасынын өрт чыгып жаткан бөлүгү өчүрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Таштанды талаасы Т.Зулпуев айыл аймагынын Жалпак-Таш участкасында жайгашкан. Аталган таштанды полигон буга чейин 320 миңден ашуун калкы бар Ноокат районундагы жалгыз таштанды төгүүчү жай катары 25 жылдан ашуун убаккыттан бери кызмат кылып келген.

Жыл сайын Ноокат шаарынын өзүнөн эле 150 тонна каттуу тиричилик калдыктары ташып чыгарылат. Орточо эсеп менен ар бир шаардын тургунуна 11,33 килограмм, жашаган жери боюнча 7,25 килограмм, иштеген жери боюнча 4,08 килограмм туура келет.

Облус жана район жетекчилиги тарабынан ар бир айыл аймакта өзүнчө полигон уюштуруу тапшырмасы коюлган.

Буга чейин Turmush басылмасына Ноокат шаарынын мэри Жолой Тиллаев Ноокат районундагы таштанды талаасы башка жакка жылдырылбай турганын билдирген.

Анын айтымында, таштандыны кайра иштетүү боюнча долбоор даяр, бирок эки жолу өтпөй калган.

«Жаз-жай мезгилдеринде таштандыдан чыккан жыт жана түтүн жолдон өткөн жолоочуларга жагымсыз абалды шарттайт. Желим баштыктар шамалда жолго чачылат. Жалпы 1 гектар жерди ээлеген таштанды талаасын жылдыруу планы азырынча жок.

Бул таштанды талаасына Ноокат шаары жана шаарга коңшу айыл өкмөттөр келишимдин негизинде таштанды төгүп келишет. Таштанды талаасындагы түтүн атайлап өрттөөдөн келип чыкпайт. Ал жерге түрдүү заттар ташталып, газ балон сыяктуу жарылгыч заттар да күнгө жарылып, өрттү пайда кылып күйөт. Сүрдүрүп же суу чачып өчүрүп турабыз. Таштанды талааны жылдыруу планы азырынча жок. Бирок таштандыны кайра иштетүү боюнча долбоор даяр. Ал долбоорлорду эки фондго сунуштадык, бирок өтпөй калды», — деген Жолой Тиллаев.

Ал эми Ноокат район аралык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Нурлан Орозалиев таштанды таштоочу аймак жашоочулар жашаган аймактан, суу боюнан жана сел түшүүчү аймактан 1 чакырым алыстыкта жайгашуусу керек экенин айтат.

Ошондой эле Ноокат шаардык мэриясына караштуу «Тазалык» ишканасы менен келишим түзүлүп, залалдаштыруу иштери жүргүзүлөрүн кошумчалаган.

Кыргызстандагы калк эң жыш жайгашкан райондор (2024-жылдын 1-январына карата):

— Кара-Суу району — 488,2 миң адам;

— Сузак району — 332,3 миң адам;

— Ноокат району — 325,9 миң адам;

— Өзгөн району — 296,1 миң адам;

— Сокулук району — 266,1 миң адам;

— Кадамжай району — 209,9 миң адам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE