Пример HTML-страницы

Ноокаттык тургун апасынын ашын өткөрүүнүн ордуна бала бакчанын чатырын жаңыртып берди. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагынын тургуну апасынын жылдык ашын өткөрүүнүн ордуна бала бакчанын чатырын алмаштырып берди.

Айыл өкмөт башчысы Мухаммед Эшполотовдун айтымында, жергиликтүү тургун Нургазы Каримов президенттин №54 «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгына ылайык апасынын ашын өткөрүүнүн ордуна айылдагы көйгөйдү чечүүгө көмөк көрсөттү.

«Көтөрмө-Нур» бала бакчасынын чатырын жабуу маселеси бар болчу. Аталган тургун 208 миң сомго чатыр жабуучу каражат алып берди. Аны айыл эли менен биргеликте ашар жолу аркылуу жаап жатабыз», — дейт Эшполотов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE