Пример HTML-страницы

Нарзан айыл аймагында мугалимдер сыйланды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКечээ, 25-майда акыркы коңгуроо салтанатында Чүй облусунун Москва районундагы №4 Ак-Суу орто мектебинде өзгөчө ысымдуу Аэлита Бакытбекова мектептин президенти кызыл тасмасын тагынды. Бул тууралуу Нарзан айыл өкмөтүнөн билдирди.

ААРден кийин Биринчи май жана Беловодск айыл аймактары бириктирилип, жаңы аталыштагы Нарзан айыл өкмөтү түзүлгөн.

«Айыл аймагыбызда 2 миңден ашуун окуучусу жана мугалимдери бирдей формага өткөн №4 Ак-Суу жалпы билим берүү орто мектеби бар. Анда 43 окуучу сүйүктүү мектеби менен коштошту. Салтанатта мектеп директору Мирлан Суеркулов куттуктоо сөз сүйлөп, алдыңкы мугалимдерге жана окуучуларга ардак грамота тапшырды. Жаш таланттар өнөрлөрүн көрсөтүп, 11-класстын бүтүрүүчүсү Дарья Пелихова 9-класстын алдыңкы окуучусу, иш-чаранын алып баруучусу, өзгөчө ысымдуу Аэлита Бакытбековага президенттикти өткөрүп берип, ага кызыл тасма такты. Мектептин жаңы президенти Аэлита өзгөчө ысымы чоң энеси тарабынан ыйгарылганын кубануу менен билдирди», — деди айыл өкмөтүнөн.

Ал эми мектеп директору, 2024-жылдын 13-апрелде өткөн республикадагы директорлорду тандоо сынагында эң жогорку 93,8 пайызды алган Мирлан Суеркулов: «200ден ашуун окуучусу жана курамы 69 мугалимден турган мектебибиз 52 жашта. Бирок, жаңыдай жаркырап турат. Акыркы коңгуроодо 43 бүтүрүүчү мектеп менен кош айтышты. Арасында спортчулар, олимпиаданын жеңүүчүлөрү бар. Баарына ак жол каалайм», — деди.

Нарзан айыл аймагындагы Беловодск атайын жалпы билим берүүчү көмөкчү жатак мектебинин директору Нуриза Болотбекованын айтымында, 25-майда 4 мугалим Билим берүү жана илим министрлигинин, 2 мугалим райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы менен сыйланып, 5 мугалим «Мектептин мыкты мугалими» , 3 тарбиячы «Мектептин мыкты тарбиячысы» медалын тагынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE