Пример HTML-страницы

Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу жолу бир тараптуу ачылды. Бирок улам кар көчкү түшүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Кулжа районундагы Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, учурда электр жарыгы тынымсыз берилип, уюлдук байланыш иштеп жатат. Бирок кар көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан, жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, каттамга чектөө коюлду.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Шайлообек Козубаевдин төрагалыгы алдында кар калың жааган аймактарда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча облустук штаб өткөрүлдү. Жыйында Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу жолу жана Алай, Чоң-Алайдагы жолдордун абалы, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугу, тоют маселеси, билим берүү тармагы, социалдык объектилер талкууланды.

Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу жолунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, «Ош электр тармактары» ишканасынын жана жол тейлөө ишканаларынын ыкчам бригадалары иш алып барууда. Бирок тазаланган жолго улам көчкү түшкөндүктөн жарандарды сапарга чыкпоо сунушталып, жеринде түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Буга чейин Turmush Алайкуу өрөөнүндө калың кар жааганын жазган. Көмөкчү чордонду оңдоо үчүн барган электриктер жолдогу абалды видеого тартышты. Алардын айтымында, калың карда алгач жолду жиреп, аттарга жол салып, андан кийин өтүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE