Пример HTML-страницы

Мырза-Аке айыл аймагында 200 энеге сый көрсөтүлдү. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushӨзгөн районунун Мырза-Аке айыл аймагында 200 эненин катышуусунда Энелер күнү белгиленди. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттөн билдиришти.

Майрамдык салтанатта район акими Каныбек Апбасов, айыл өкмөт башчысы Руслан Талантбек уулу жалпы энелерди майрамы менен куттуктады.

«Бейиш эненин таманы астында» деп айтылгандай, ар дайым уул-кыздын урматына бөлөнүп, төрдүн куту болуп, аман жүрүңүздөр. Энелер бир колу менен бешикти, экинчи колу менен дүйнөнү терметип турат, бар болуңуздар ак элечек энелер», — деди айыл өкмөт башчысы өз куттуктоосунда.

Майрамдык салтанатка жалпы 200 эне чакырылган. Аларга сый тамак тартууланып, ак жоолук белекке берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE