Пример HTML-страницы

Москва районунун борбордук аянтында LED-эркан орнотулду

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусунун Москва районунун борбордук аянтында 3×6 метр өлчөмдө LED-экраны орнотулду. Бул тууралуу Нарзан айыл өкмөтүнөн билдирди.

Беловодск айылы райондун борбору болуп саналат.

«Райондун акими Ниязбек Козуевдин жеке көзөмөлүндө айыл аймактын соцтүзүмүн жакшыртуу иш-аракеттери жүрүп жатат. Эми борбордук аянтка 3×6 метр өлчөмдөгү LED-экран орнотулду. Андан жергиликтүү тургундар жаңы табылгалар менен таанышып турушат», — деди айыл өкмөтүнөн.

Буга чейин айылда «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча бир топ иштер аткарылган. Тактап айтканда, бийиктиги 2,5 метр болгон 200 түп кызыл карагай отургузулган.

Ошондой эле, Чүй облусунун Москва районундагы Нарзан айыл аймагынын Беловодск айылынын борбордук көчөсүндө ийне жалбырактуу бак-дарактар отургузулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE