Москва районундагы элеттик бала бакчанын аталышы эмне үчүн «Куту-Ян» деп аталган?

TurmushЧүй облусунун Москва районуна караштуу Төлөк айылындагы бала бакчанын аты «Куту-Ян» деп аталат. Бул аталыштын кандай мааниде бакчага берилгендиги жөнүндө аймактык кабарчы жергиликтүү тургундардан сурамжылады.

«Ооба, районубуздагы 12 айыл аймагынын бири — Төлөк. Ал Бишкектен 78, райондун борборунан 38 чакырым аралыкта элет жергесинде жайгашкан. Калкынын саны 1453 адамды түзгөн аймактын элинин басымдуу бөлүгү мал жана айыл чарбасы менен алектенет. Союз учурунда айылыбызда бала бакча болгон. Кийин ал кандайдыр бир себептерден улам мечит, спорт зал болуп, 2021-жылы кайрадан толук түрдө оңдолуп, 2 кабаттуу, 80 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди. Ага ат коюуда көп пикир алмашуулар да жүрдү. Акырында «Куту-Ян» деп аталды. Туура, айрымдар бул атка таң калуу менен собол ташташат. Бул жөнөкөй эле «куттуу уя» деген эле түшүнүк. «Ян» деген байыркы Кытайдын медицинасында, музыкасында, илимий теорияларында кеңири кездешет. «Ин-Ян» деген Конфуцийдин «Өзгөрүүлөр» аттуу китебинде жарык менен караңгы, активдүү менен пассивдүүнү, тактап айтканда бири-бирине карама-каршы, бири-бирин толуктап туруучу түшүнүк. Андан биз позитив жараткан, жакшы, жарык маанай тартуулаган «ян» сөзүн «кут» сөзүнө кошуп алдык. Бул элге жакты. Сыймыктануу менен «Куту-Ян», «Куттуу-Уя» деп атап жүрөбүз. Ал эми Төлөк баатырдын ысымы экендиги белгилүү», — деди жергиликтүүлөр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️