Москва районунда 58 жаштагы эркек кишини сүзүп, качып кеткен айдоочунун унаасы табылды

TurmushБүгүн, 6-апрелде саат 11:20 чамасында Кара-Балта—Бишкек унаа жолунун 40-чакырымында, Москва районунун Беловодск айылында «Портер» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу «Ниссан Альмера» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусун сүзүп, качып кеткен. Анын унаасы райондогу Сретенка айылында бекитилген жеринен табылды. Бул тууралуу райондук ички иштер бөлүмүнүн ЖКККБсынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин ыкчам аракетинин негизинде «Портер» үлгүсүндөгү унаа саат 13:00 чамасында Сретенка айылынан бекитилген жеринен табылып, айып короого киргизилди.

Ал эми жабырлануучу «Ниссан Альмера» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, Александровка айылынын 1963-жылы туулган тургуну А.И. болгон.

«Ал унаасын жол боюна токтотуп, жерге түшкөндө «Портер» уруп кеткен. Жабырлануучу ооруканада. Ал ден соолугунан жеңил жараат алган. Бул боюнча райондук ички иштер бөлүмү тарабынан ыкчам териштирүү иш-аракеттери жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️