Пример HTML-страницы

Миргүл айым фамилиясы менен кайын журтун, тааныштарын таң калдырган

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарынын тургуну — 35 жаштагы Миргүл айымдын фамилиясын уккандар алгач тамашалап жатат деп түшүнүшөт. Ал өзгөчө фамилиясы тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

Анын айтымында, кыргызчылык кылып, чоң атасына Апенди деп ысым ыйгарышкан.

«Чоң атамдын ата-энеси балалуу болушса эле чарчап калышкан экен. Чоң атам төрөлгөндө азан айтылып аталган ысымы Абдилашим болуптур. Бирок кыргызчылык кылып, ысымын адаштыруу максатында Апенди деп коюшуптур. Чоң атам 1945-жылы согушта, атам 7 жашында каза болгон. Неберелери баарыбыз ушул фамилия менен эле келе жатабыз, эч кимибиз өзгөрткөн жокпуз. Студент убакта өзгөчө фамилия катары мугалимдерге тез таанылгам. Фамилиямды айткандан уялып, М.А. деп коюшчу. Кайын журтум да алгач таң калып, кийин кабыл алып калышты. Көп тааныштар фамилиямды айтсам, алгач эле «Тамашалашпачы» дешет», — дейт ал.

Миргүл Апендиева шайыр адам экенин айтат.

«Дайыма айланамдагыларды күлдүрүп жүрөм. Анан апенди жөнүндө айтып, күлдүрө берет экенмин. Жаштар комитетиндеги кыздар байкап калып, «Эмнеге дайыма апенди айтасыз?» дешсе, «Апендинин небересимин да» десем, аябай күлүшкөн.

Агам кыздар менен отурушта отуруп калыптыр. Кыздарга «Апенди деген ким, билесиңерби?» десе, ар кими ар кайсыны айтыптыр. Бири таанымал адам экенин айтса, бири кандай киши болгонун айткан экен. Агам «Апенди деген мен болом» деп, паспортун ортого таштап коюптур», — дейт ал.

Миргүл айым буга чейин жаштар комитетинде эмгектенген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE