Милиционер Тариел Сагазиевдин ишиндеги окуялар

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарынын 46 жаштагы тургуну Тариел Сагазиев 17 жылдан бери милициянын катарында иштеп келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда Талас облустук ички иштер башкармалыгынын Коомдук коопсуздук кызматынын улук тескөөчүсү болуп иштейт.

«Милицияга ишке 2007-жылы кирдим. Ал учурда 28 жашта болчумун. Алгач мектепти аяктаганда эле Бишкек шаарына милиция кызматкери болом деп бардык документтерди топтоп, бир гана медициналык кароо калган эле. Ошондо бир жагдайлар менен үй-бүлөлүк шартка байланыштуу айылга келе бергем. Кыялымдагы жумушка жетпей калдым деп абдан ыза болгом. Ошентип убакыт өтүп жатты. Жеке ишкерчилик менен жүрдүм. Бирок милиция кызматкери болом деп үмүтүмдү үзбөй юридикалык жогорку билим алдым.

2007-жылы Кыргыз Республикасынын Шабиров атындагы мектебинин 3 айлык курсун өтүп келдим. Ал жакта биринчи жолу кызматтык форма кийдим. Ошондогу сезимдеримди жеткире албайм. Күзгүнүн астында өзүмдү көрүп толкундангам. Кудайдын буйругу экен, форманы ушунча жылдан бери сыймыктануу менен кийип келем.

Алгач Кайгуул кызматына жумушка киргем. Андан кийин тергөө кызматында иштедим. Учурда Талас облустук ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматынын улук тескөөчүсү болуп иштейм», — деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле башынан өткөн окуяларды эскерди.

Пример HTML-страницы

«2010-жыл болчу, революциялык окуялар тынчып калган учур эле. Көптөн бери издөөдө жүргөн жигитти митингден көрүп калдык. Андан кийин анын изине түшүп кармаганбыз.

Бакай-Атада бир топ жыл мурун бир кенде иштеген киши жумушунан чыгып кетти деп 1 жумадан ашык убакыт тоодо издеген элек. Издөө учурунда тоодон тоо ашып, өзүбүз дагы тоңуп калганыбыз эсибизде. Бир топ убакыттан кийир кар ээриген учурда сөөгү көрүнүп калып табылган болчу. Жоголду деген ишканадан 1 км өйдө жерден табылган. Эс алып алайын деп уктап калып тоңуп калган деген гана божомол болду. Анткени денесинде эч кандай зомбулуктун белгилери болгон эмес. Биз аны иштеп жаткан жеринде өлтүрүп коюштубу, ур-токмокко алынганбы деп дагы текшергенбиз.

Бир жолу Талас шаарында күзөттө жүргөнбүз. Биздин бир кызматкер көп кабаттуу үйдүн алдындагы электр трансформаторунун ичине бир бала бир нерсе ташып жатканын көрүп калыптыр. Ал бизге кабар бериип аңдып турса компьютердик клубтан жабдууларын ташып жаткан экен. Биз угуп эле бара калдык. 5-6 компютерди ташып коюптур. Бизди көрүп эле качты. Бир далай жерге чейин кубалап барып кармап, уурдаган жабдуулар менен ички иштер бөлүмүнө алып бардык. Бул окуя түндө болсо, эң кызыгы компьютердик клубдун ээси эртең менен көрүп, ууру дагы кармалып калды дегенди угуп, аябай шок болгон экен. Бизге абдан ыраазычылыгын айткан. Терезеси эски болгондуктан, ошол жактан кирип ташыган экен», — деди ал.

Тариел Сагазиев үй-бүлөдө 2 кыз, 1 уулдун атасы. Уулу студент. Экинчи кызы ата жолун жолдоп, милиция кызматкери болгусу келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️