Миң-Куштагы мектепке чек ара жаңжалында каза болгон Жеңишбек Иманбек уулунун ысымы ыйгарылды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айылындагы Н.Крупская атындагы орто мектепке чек ара жаңжалында окко учкан Жеңишбек Иманбек уулунун ысымы берилди.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чарага район жетекчилиги жана Жеңишбек Иманбек уулунун жакындары, айыл тургундары катышты. Район акими Адыбек Набиев Баткенде мекен чегинде окко учкан жоокерлер өз каны менен тарых жазышканын белгиледи.

Жеңишбек Иманбек уулу 2000-жылдын 9-майында Миң-Куш айылында туулган.

— 2018-жылы Миң-Куш айылындагы Жусуп Сары уулу атындагы орто мектебин ийгиликтүү аяктаган;

— 2018-жылдын сентябрь айында мөөнөттөгү аскер кызматына чакырылып, бир жыл кызмат өтөгөн;

— 2019-жылдан бери Чек ара кызматынын №2022 аскер бөлүгүндө Баткен отрядынын «Капчыгай» чек ара заставасында кызмат өтөгөн.

Пример HTML-страницы

— 2022-жылы 17-сентябрында Баткен облусунда чек арада болгон куралдуу кагылышта мекен чегинде шейит кеткен.

Жеңишбек Иманбек уулу 2022-жылы 20-сентябрда кичи мекени Миң-Куш айылында жерге берилген.

Жеңишбек 22 жашта болчу. Ал октябрь айында үй-бүлө курууну пландап жаткан. Атасы Иманбек Баймуратов баласынын үйлөнүүгө жетишпей калганын айтып эскерген.

«Балам апасы менен байланышта болуп жатып эле телефонун албай калды. Биз улам байланыша албай, сарсаана болдук. Ошентип кабар уктук. Баламды жоготуп алдым. Балам баланын асылы эле, өзүнө тың эле. «Мекен үчүн кеттим, ата. Мекенди, чек араны коргобосок, ким коргойт? Мен качсам, эртең башка жоокерлер качат. Сарсаана болбогула, баары жакшы» деп эле турчу. Эми жоготуп отурам, кан жутуп отурам. Канча деген энелердин көз жашы куюлуп жатат, айла жок.

Балам менен сыймыктанам. Үйлөнбөй, артында туягы жок кеткенине ичим тызылдайт. Жок дегенде туяк калса, баласын жыттап, «балам бар, балам өлгөн жок» деп жүрө бербейт белем. Көтөрөм муну, эми көтөрбөгөнгө айла жок», — деген атасы Иманбек Баймуратов.

Жеңишбек Иманбек уулу Нарын облусунун Миң-Куш айылынан Баткендин Зардалы айылына кызмат өтөө үчүн келип, ал жердеги Элиза аттуу кызга сезимин арнаган. Кызга сөйкө салып, тоюн да белгилешкен. Тилекке каршы соңку чек ара окуясында — тоюна бир ай калганда Жеңишбек каза болуп, Элизага Жеңишбектин бир тууган иниси үйлөнгөн.

Толугу менен бул шилтемеден окуңуз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️