Миң-Куш айылынын кире беришине гүлбакча курулуп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылынын кире беришине гүлбакча курулуп жатат.

Маалым болгондой, гүлбакчаны Миң-Кушта уран калдыгын көчүрүп жаткан компания уран калдыгынын чыгарылышынын урматына куруп берип жатат. Ал тургундар эс ала турганга ылайыкталып жарыктандырылып, көрктөндүрүлөт.

—————————————————-

2024-жылы 1-августта Жумгал районунун Миң-Куш айылында «Туюк-Суу» калдык сактоочу жайын рекультивациялоо иштери башталган.

Пример HTML-страницы

Миң-Кушта төрт калдык сактоочу жай бар. Алар: «Талды-Булак», «Туюк-Суу», «Как» жана «Дальнее».

КМШга кирген мамлекеттердин аймактарындагы уран калдыктарын сактоочу жайлар менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүү үчүн 2013-жылдан тартып «ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттердин уран казып алуу өндүрүшүнүн таасирине дуушар болгон аймактарын рекультивациялоо» мамлекеттер аралык максаттуу программасы ишке ашырылууда. Бул программанын катышуучулары: Кыргыз Республикасы, Казакстан, Россия жана Тажикстан. Программанын алкагында Россиянын «Росатом» мамлекеттик корпорациясы Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо боюнча иш алып барууда.

Адистердин маалыматы боюнча, Миң-Куш айылындагы уран калдыктары сакталган жайлардын ылдыйында жер көчкү жайгашкандыктан, учурда эң кооптонууну жаратууда. Эгер ал жылып кетсе, Миң-Куш, Көкө-Мерен жана Нарын дарыяларына кошулган Туюк-Суу дарыясынын кууш өрөөнүн тосуп калат. Радиоактивдүү заттары бар калдык сактоочу жай бузулушу мүмкүн. Бул объектте (Туюк-Суу) жер көчкү жүргөн маалда калдык сактоочу жайды суу каптоо коркунучу менен байланышкан авариялык жана өтө жагымсыз табигый кырдаал түзүлгөн.

—————————————————-

Нарын облусунун Жумгал районунун алыскы Миң-Куш шаарчасы (азыр айыл) 1949-жылы негизделген.

Миң-Куш деңиз деңгээлинен 2120 метр бийиктикте жайгашкан. Аймагы отун-энергетикага, минералдык-сырьёлук ресурстарга бай. Ошондой эле күрөң көмүр, кум, майда шагыл аралашмасы сыяктуу кендери көп. Миң-Кушта уран 1969-жылга чейин казылган.

Миң-Куштун ураны советтик ракета чыгарууга колдонулган. Мындан тышкары «Оргтехника» ишканасынан чыккан түстүү калемсаптар (фломастер) СССРдин курамындагы бардык өлкөлөргө экспорттолгон. Кезинде согуш туткундары менен абактагылар салган эки кабат «сталиндик» жыгач үйлөр көп. Алардын дээрлиги ушул күнгө чейин сакталып келет.

Советтик мезгилде шаарчада 20 миңдей киши жашаса, азыр 4 миңге жетпеген эл бар.

Миң-Куш айылы республиканын борбору Бишкектен 400, облустун борбору Нарын шаарынан 300, райондун борбору Чаек айылынан 55 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.

Үч орто, балдардын музыкалык жана спорт мектептери, кесиптик-техникалык окуу жайы, китепкана, 4 бала бакча, маданият үйү, 2 клуб, стадион, 70 орундуу оорукана, поликлиника, дарыканалары бар. Тез жардам бөлүмү, АТС (автоматтык телефон станциясы), почта, соода мекемелери, тамактануу жайлары, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү элди тейлейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️