«Мени издебегиле» деп, кат таштап кеткен кызды милиционерлер 12 күндөн бери издеп жатышат

TurmushЖалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ырыс айыл аймагындагы Күмүш-Азиз айылынын 1994-жылы туулган тургуну Абабакирова Нодирабегим Абабакировна изделүүдө. Анын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 23-мартында таңкы саат 05:00 чамасында «Мени издебегиле, мени кечиргиле» деген мааниде кат жазып, үйүнөн эч кимге айтпастан чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Өзгөчө белгилери: Бою 175-180 см, өңү ак жүздүү, чачы кара узун, кашы, көзү кара

Кийген кийимдери: Башында жашыл түстөгү жоолук, үстүндө кызыл түстөгү узун көйнөк, сары түстөгү кемзир, бутунда кара түстөгү тапочка.

Аны көргөн-билгендер 102, (03748) 5 02 09, 0556 84 84 58 номурлары аркылуу кабарласа болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️