Пример HTML-страницы

Мектеп мугалими Асел Мамытова кантип медицина кызматкерине айланган?

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районунун тургуну Асел Мамытова ооруларды аныктоо бөлүмүнүн дарыгери. Ал алгач билим берүү тармагында эмгектенип, 2014-жылдан бери медицина кызматкери болуп иш алып барып жатканын айтып берди.

«Мен 1983-жылы Түп айылында жарыкка келгем, үй-бүлөдө 2 бир тууганбыз. Апам айылда фельдшер-лаборант болуп иштесе, атам энергетика тармагында эмгегин өтөгөн. А.Карымшаков атындагы жалпы билим берүү мектебин 2000-жылы ийгиликтүү аяктаган соң, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетине тапшырдым. Жогорку окуу жайды 2005-жылы биология-химия илими боюнча адистикти алып чыктым. Ошону менен кичи мекениме келип, өзүм билим алган мектебине биология жана химия сабагынан мугалим болуп жумушка орноштум. Албетте, мугалимдик кесип да өтө кызыктуу жана жоопкерчиликтүү болот эмеспи. Көз-ачып жумганча эле арадан 8 жыл өтүп, анын бир жылын окуу тарбия иштери боюнча бөлүм башчылык милдетти да аткардым. 2014-жылы Түп райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборуна биохимиялык лаборатория ачылып, мени жумушка чакырып, акыркы 8 жылымды арнап келе жатам», — деди ал.

Лаборант дарыгер бейтаптардын анализин чыгаруудан мурун атайын даярдоо курсунан өткөн. Жумуш тартибинде ар кандай аянычтуу да, күлкүлүү да окуялар коштолорун Асел Мамытова кошумчалады.

«Саламаттыкты сактоо тармагына келгенде атайын даярдоо курсунан өттүм. Ал арада кант диабети боюнча биохимиялык көрсөткүч деген темада жеке диссертациямды жактадым. Менин милдетим — кайрылган жарандардын анализин так аныктап берүү. Дарыгерлер ошол анализди карап, диагноз коюп беришет. Мисалы, стационардык жана амбулатордук шартта дарылана турган бейтаптардан 50гө жакын анализ аныкталат. Анын ичинен адамдардын өмүрүнө коркунуч алып келүүчү боор, бөйрөк, жүрөк-кан тамыр жана кант диабети ооруларын аныктоо үчүн биохимиялык анализ жүргүзөбүз.

Жумуш үстүндө кайгылуу да, күлкүлүү да окуялар коштолуп, эсимде калган учурлар да бар. Иш тажрыйбамда бөйрөгү ооруган бейтап келип анализ бергенде, анын жыйынтыгы өтө оор көрсөткүчтө деп табылган. Анан ал киши оору менен күрөшүүгө үлгүрбөй, бат эле өмүр менен кош айтышып кетти. Ошол окуя мен үчүн өтө аянычтуу тагдыр болду. Ошондой эле, жергиликтүү тургундардан канттын деңгээли көп деп табылганда оор кабыл алышат. Биз аларга айыга турганын айтып, психологиялык жактан да жардам беребиз. Кээде тескерисинче адамга жылмаюу тартуулаган учурлар да болот. Бир жолу кыш мезгилинде эркек киши келип, анализ берерде “чечиниңиз” десем, белден өйдө болгон кийимин чечип салган. Бул эмне десек “солдатча”деп жооп берип, күлдүргөн эле. Күндөрдүн биринде кош бойлуу келин жолдошу менен келип, кан тапшырарда күйөөсү ийнеден коркуп, “жыгылганы жатам” деп, эс-учун жоготуп, кулап калганы эсимде. Кандай гана учур болбосун бул кесибимди ардактайм, келечекте биздин районубузга жаңы технология менен ооруну аныктай турган лабораториялык жабдуулар келсе, өсүп-өнүгүү болот деп ишенемин», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Асел Мамытова өмүрлүк жолдошу менен 2007-жылы баш кошуп, учурда 2 уул жана 1 кызды тарбиялоодо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE