Күнүнө 8 саатан ашык отуруунун зыяны

https://kyrgyzcha.site/?p=65402&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Күнүнө 8 саатан ашык отуруунун зыяны

 

“Ордуңан тур! Бул отургуч сени өлтүрүп тынат!» («Get Up!: Why Your Chair is Killing You and What You Can Do About It» ) китебинин маалыматы боюнча, узак убакыт отуруу адамдын ден-соолугуна өтө зыян.

 

1. Омурткага салмак түшөт

 

Пример HTML-страницы

Калифорниялык университеттин профессору Гален Кранцтын айтуусу боюнча, отуруу — адамдын денеси таптакыр башка, табигый эмес дүйнө. Адам омурткасы формасында болуш керек, бирок адам отурганда бүкүрөйөти, булчуң эт алсырайт, бардык салмак жамбаш сөөк менен омурткага түшөт да, омуртка дисктеринде кысым пайда болот. Моюндагы омурткалар андай кысымдан кысылат, мээге кан жакшы жетпей баштайт. Натыйжасында баш оору, көздүн көрүүсү начарлай баштайт.

 

 

 

2. Жүрөк, кан-тамыр системасы

 

Физикалык активдүүлүктүн жоктугунан эрте жашта атеросклероздун пайда болушуна алып келет. 13 жыл бою жүргүзүлгөн, 17 миңден ашык адамды камтыган чоң изилдөөдө көбүнчө отуруп иштеген адамдардын жүрөгү кармап калып кайтыш болуу ыктымалдуулугу 54 пайызага жогору болгон.

 

 

 

3. Ашыкча салмак

 

Адам отурган учурда организмдин майды эритүү жөндөмү 90 пайызга азаят, инсулиндин деңгээли төмөндөп, кан басым, тескерисинче көтөрүлөт. Ал эми жумушту туруп иштегендер калорияны 35 пайызга көбурөөк жумшашат.

 

4. Булчуң эт менен сөөк

 

Аз кыймылдоо менен бүкүрөйүп отуруунун кесепетинен булчуң эт алсыз жана бош болуп калат. Ошону менен катар адам отурган кезде сөөк денени кармап турууга эч кандай күч салбайт, ошол себептен убакыт өткөн сайын сөөктүн түзүлүшү өзгөрүп, сөөктүн өзү алсыз, тез сынып кала берет.

 

 

 

5. Тамак-аш сиңирүү системасы

 

2011-жылы узак отуруу клеткалардын инсулинди тұтыну деңгээлин төмөндөтөөрү аныкталган. Ал диабет жана башка ооруларга алып келиши мүмкүн.

 

 

 

6. Эрте картаюу

 

«The Lancet» журналынын маалыматы боюнча, гиподинамиядан жылына болжол менен 5,3 млн адам көз жумат. Хромосомаларда орун алган теломерлер (адамдын жашы улгайган сайын сырткы зыяндуу факторлордон коргоого милдеттүү) адам аз кыймылдаса кыскара баштайт. Жыйынтыгында адамдын картаю процесси тездейт. Ар бир отуруп өткөргөн 1 саат өмүрүңүздүн 2 саатына тең болот.

 

 

 

7. Уйкусуздук

 

Отуруп жумуш иштегенде организм эс алууда деп түшүнүшү мүмкүн. Ошол себептен кечке карай уктачу убакыт жакындаганда организм сизди»күнү бою эс алды го» деп ойлоп, уйкуга көнбөшү мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️