Пример HTML-страницы

Кызыл-Кыя шаарында жолдон студенттер кармалып, милицияга жеткирилди

Акыркы жанылыктар

TurmushКызыл-Кыя шаарында өз алдынча эс алууга бара жаткан өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди

Маалым болгондой, бүгүн, 26-майда саат 09:00 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын Кара-Козу участкасындагы блок-постунан кичи автобус токтотулган. Анда Миталип Таиров атындагы Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун 1-курсунун 16-17 жаштагы студенттери болгон. Алар өз алдынча эс алууга бара жаткан.

Кармалган студенттер Кызыл-Кыя ШИИБне жеткирилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ата-энелерине өткөрүлүп берилди.

Ал эми кичи автобустун айдоочусуна карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде протокол толтурулуп, айып пул салынды.

Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлери балдардын, жалпы эле жарандардын коопсуздугун сактоо, укук бузуулардын жана ар кандай кырсыктардын алдын алуу багытында кайгуулдарды жүргүзүп, Ноокат, Кадамжай райондору менен чектешкен аймактарга блок-посттор коюлган. Учурда жол коопсуздугун камсыз кылуу багытында профилактикалык иште уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE