Кызарт ашуусунда жүк ташууга чектөө киргизилген

TurmushТүндүк—Түштүк автожолунун Кызарт ашуусунда (Эпкин-Башкууганды долбоору), айрым жерлерде топуракты алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө.

Транспорт жана жол министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы он күн ичинде жааган жаан-чачындан улам Кызарт ашуусунда жол чылага айланып, чоң унаалар тыгылып жаткан. Бирок курулуш иштерин жүргүзүүчү подрядчиктин атайын техникасы айдоочулардын тыгылып калган унааларын чыгарып, ыкчам жардам көрсөткөн.

«Жолдун катмарын алмаштыруу максатында 2022-жылдын 29-мартынан 12-апрелине чейин саат 17:00дөн эртеси саат 09:00гө чейин жүк ташууга чектөө киргизди. Кызарт ашуусунда кошумча милиция кызматкерлери жана ЖКККБ кызматкерлери тартылып, айдоочуларга киргизилген чектөөнүн максаты боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️