Кыргызстандык эки балбан Казакстандагы мелдештин финалына чыкты

Кыргыз спорт жанылыктары

Кыргызстандын грек-рим балбандары Нурманбет Райымалы уулу жана Адилхан Нурланбеков Казакстандын Атырау шаарында өтүп жаткан Oil Capital Cup эл аралык мелдешинин финалына чыкты.

Мелдеш бүгүн, 17-сентябрда башталды.

Нурманбет Райымалы уулу 97 кг салмакта күч сынашууда. Финалда ал казакстандык Бейбит Корганов менен кез келет.

Ал эми Адилхан Нурланбеков 72 кг салмакта күрөшүүдө. Алтын үчүн беттеште анын атаандашы казакстандык Адилхан Сатаев болот.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️