Кыргызстандык балбан дүйнө чемпионатынын финалында күрөшөт

Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбан Кутман Калбаев 17 жашка чейинки (U17) спортчулар арасындагы дүйнө чемпионатынын финалында күрөшөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Кутман Калбаев 51 кг салмакта күч сынашууда. Ал 20-августта таймашка чыгып, катары менен армениялык, грузиялык жана ирандык балбанды жеңип, финалга өткөн.

Эми ал бүгүн, 21-августта алтын үчүн беттеш өткөрөт. Анын атаандашы азербайжандык Туран Дашдамиров болот.

Мелдеш Иорданиянын Амман шаарында өтүүдө.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️