Кутурма оорусунан дүйнө жүзүндө жыл сайын 50 миңдей адам көз жумат. Бул оорудан кантип сактанабыз?

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунда жыл сайын 550-600дөн ашык адамдар жаныбарлардын тиштөөсүнүн кесепетинен медициналык жардамга кайрылып турушат. Бул тууралуу Каракол район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, жаныбарлар тиштеп алган жарандардын ичинен 14 жашка чейинки балдар 45 пайызды түзгөн. Жалпы жабыркаган адамдардын ичинен 15 пайызы оор жаракат, 4 пайызы орточо жана 42 пайызы жеңил жаракат алышкан. Жолбун ит, мышыктардын тиштөөсүнөн 66 пайыз адам жабыркаган жана 6 адамды ат тиштеп алган. Үстүбүздөгү жылдын 6 ай аралыгында 367 адам кайрылган.

Дарыгерлер жаныбар тиштеп алса, кутурма оорусун алдын алуу үчүн тез арада медициналык жардамга кайрылууну эскертишет.

«Эгерде сизди жаныбар тиштеп алса дароо жакынкы медициналык мекемеге кайрылыңыз. Жапайы жана кароосуз үй жаныбарлары менен ашыкча байланышуудан алыс болуңуз. Убагында жасалган эмдөөлөр, кутурма оорусунан сактайт. Мамлекеттик ветеринардык мекемелерде жаныбарларга кутурмага каршы эмдөө акысыз жүргүзүлөт.

Шаар жана айыл жерлеринде жолбун ит, мышыктарды жок кылуу жана үй жаныбарларын өз учурунда кутурма ылаңына каршы эмдетип туруу менен бул өтө коркунучтуу илдеттин алдын алууга болот», — деп билдирди дарыгер эпидемиолог Элдос Сурабаев.

Пример HTML-страницы

Облустун аймагында акыркы 2-3 жылдын ичинде үй жана жапайы жаныбарлардын арасында кутурма ылаңы катталууда.

2023-жылы Каракол шаарынын бир тургунун үйдө багып жүргөн мышыгы кутурма менен ылаңдап калып, кошунасынын колун жана мышык өзү жашаган үйдүн ээсинин баласын тиштеп алган учур катталган. Жабыркаган адамдар ошол эле күнү медициалык жардамга кайрылып, тиешелүү медициналык жардам алышкан.

28-сентябрь облуста кутурмага каршы күрөшүү күнүнө карата адамдардын кутурма оорусун алдын алуу боюнча чараларды көрүү жана кутурма оорусуна эпидемиологиялык көзөмөлдү оптималдаштыруу максатында, бир айлык иш-чара өткөрүлүүдө.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсүнө караганда, кутурма илдети дүйнөнүн 167ден ашык өлкөлөрүндө катталып турат. Бул илдеттин кесепетинен жыл сайын 50 миңдей адамдар көз жумушат.

Кутурма—бул өтө коркунучтуу жугуштуу оору. Бул илдет кутурма менен ылаңдап калган үй жана жапайы жаныбарлар адамдын тиштеп алган жерин шилекейи менен булгап кеткенде жугат. Себеби вирус кутурма менен ылаңдаган жаныбардын шилекейинде сакталат.

Эгер адамдын башынан, мойнунан, колдун бармактарынан тиштеп алса бул өтө коркунучтуу. Тиштеп алган жер канчалык баш мээге жакын болсо оору ошончолук тез өнүгөт. Жаныбар тиштеп алган жерден вирус нервдер менен тез аранын ичинде борбордук нерв тармагына жыла баштайт да ал жерде көбөйүп баш мээни ооруга чалдыктырат. Баш мээ шишип, кээ бир жерлеринде кан куюлуп, мээнин клеткалары өлүп некроз башталып, жүрөк же дем алуу борбору шал болуп, адамды өлүмгө алып келет.

Кутурма негизги белгилери:

— агрессивдүү болуусу;

— жарыктан качып, караңгы жерге жашынуусу;

— тамак жебей калуусу;

— желбей калган нерселерди тиштөөсү;

— шилекейдин агуусу;

— буттардын начар кыймылдоосу.

Эгер жаныбарлардын тиштөөсүнөн жабыркаган адамда оорунун биринчи клиникалык белгилери пайда болгон учурларда 10 күндүн аралыгында өлүм менен аяктайт.

Кутурма оорусу айыкпайт, бирок бул оорунун алдын алууга болот. Ал үчүн үй жаныбарларды багууда эрежелерди сактоо керек. Жаныбарларды жылына кутурма оорусуна каршы эмдөөдөн өткөрүү зарыл. Эгер ооруунун белгилери байкалса мал доктурга көрсөтүү жана башка жаныбарлар же адамдарга кошбоо абзел.

Кыргызстанда акыркы 10 жылдын ичинде кутурма илдети менен ооруп калып, 25 адам көз жумган. Себеби жаныбарлардын тиштегенде өз учурунда медициналык жардамга кайрылбай коюшунда болуп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️