Креслодо отуруп, мал кайтарган Манас Аманбеков

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу Фрунзе айылынын 41 жаштагы тургуну Манас Аманбеков 12 жылдан бери элдин малын кайтарып, үй-бүлөсүн багып келет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Үй-бүлөлүүмүн, мектеп курактагы 3 балам бар. Эртең менен саат 6:30да малды сарайдан чыгарып, кечки саат 20:00гө чейин кайтарам. Эртеден кечке ушул эмеректе отуруп алып, телефондон өлкөдөгү жаңылыктар менен кабардар болом, ар кандай ырларды угам, кино көрөм. Бул эмеректин сынык бөлүгүн кимдир-бирөөлөр малчыларга деп, таштап кетиптир. Тегеректеги мал кайтарган малчылардын баары эле келип, ушуга бир аз отуруп, анан андан ары жөнөп кетишет.

Ал эми бул “Ала-Тоо” тукумундагы уйлар. Бир кишинки, арасында өзүмдүкү дагы бар. Күнүнө 12-13 литр сүт берет. Сүт алган ишкерлерге литрин 30 сомдон сатабыз. Быйыл тоют жакшы болуп, сүттүн майлуулугу дагы жакшы. Негизи майда-чүйдө уй бакпай, породалуу уй бакса актайт. Сан эмес, сапатка өтүш керек.

Бирок малдын деле азабы бар. Күн ысык болобу, суук болобу, кар-жамгырда кайтарып, мал багып жүрөбүз. Антсе да шаарга караганда, таза абада, табияттын койнунда, жай турмушта жүрөбүз. Ушунусу абдан жагат. Алдыда породалуу уйларды жана таза кандуу күлүктөрдү көбөйтүүнү көздөп жүрөбүз», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️