Кеминде 2 жолу адам өлтүрүлгөн соң, айыл жаштары дүкөндөрдөгү спирт ичимдиктерин жок кылышууда

TurmushКемин районунун Кичи-Кемин айыл аймагына караштуу Ильич айылында жана Жаңы-Жол айылында жаштар дүкөндөрдөгү спирт ичимдиктеринин баарын сатып алышып, жок кылышты.

Айыл тургундарынын айтымында, бир жуманын ичинде Ильич айылында эки адам өлтүрүлгөн — экөө тең мас абалында болгон. Мындан улам айыл жаштары спирт ичимдиктерин сатууну чектөө демилгесин көтөрүп, дүкөн ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Жаштар 200 миң сом чогултуп, айылдык дүкөндөрдөгү бардык спирт ичимдиктерин — 600 литрдей сатып алышкан. Мындай демилгеге кошуна конуштардын да жашоочулары көңүл буруп, Ильич жана Жаңы-Жол айылдарында болушту. Алар бул демилгени колдоо менен чыгышты.

«Эки окуянын бири эки жаран арак ичип отуруп, сөздөн сөз чыгып, уруша кетишет. Биринчиси жатып калса, экинчиси тебелеп, жанчып өлтүргөн. Экинчи окуя кечээ жакында эле болду. Алар 36-37 жаш курактагы үй-бүлөлүү, бала чакалуу эле кишилер экен. Экөө чөп жүктөгөнгө жалданып иштеп, андан тапкан акчага арак ичишкен. Анан күчтүүсү арык чырай шеригин жыгытып, мончого киргизип, колу-бутун байлап, мойнун муунтуп, башын жанчып, денесин таяк менен чапкылап өлтүргөн экен. Ооруканага жеткиргиче, жолдон жан берген. Натыйжада бала чакасы менен аялдары жетим-жесир калды», — дешет тургундар.

Пример HTML-страницы

Буга чейин Turmush басылмасы Кемин районунда ферманын жумушчусу мас абалында кесиптештеринин денесине залал келтирип, натыйжада 1 адам каза тапканын жазган.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы 2024-жылдын 18-сентябрында билдиргендей, 2024-жылдын 7-сентябрынан 10-сентябрына чейин Кемин районунун Ильич айылында жайгашкан фермада мас абалындагы 1975-жылы туулган жаран Б.В. өзүн көрсөтүш үчүн эч себепсиз системалуу түрдө 1963-жылы туулган Г.С. жана 1958-жылы туулган И.Б.нын ден соолугуна залал келтирген.

Натыйжада 2024-жылдын 11-сентябрында Г.С. алган жараатынан каза болуп, И.Б. ар кандай жаракаттарды алып, аймактык ооруканага жаткырылган.

Бул факт Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (адамдын өлүмүнө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жаран Б.В.га айып тагылып, Бишкек шаарынын №1 убактылуу кармоочу жайына камакка алуу менен 2 айга камакка алуу түрүндө сырттан баш коргоо чарасы тандалган. Ал издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизилген.

Ошентип, 2024-жылдын 14-сентябрында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан Б.В. кармалып, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️