Пример HTML-страницы

Кемин шаарында кыска мөөнөттүү бала бакча ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКемин шаарында «Кемин-Касиет» мектепке чейинки билим берүү уюмунун базасында кыска мөөнөттүү бала бакча ачылды. Бул тууралуу Кемин шаарынын мэриясынан билдиришти.

Бул долбоор Билим берүү жана илим министирлигине караштуу дүйнөлүк банктын долбоорун ишке ашыруу бөлүмү тарабынан «Келечек үчүн билим берүү» жана «Билим берүүнүн негиздерин бекемдөө» долбоорунун алкагында ишке ашты.

Иш-чарага Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Шакиров Кутпидин Абдырахманович, Кемин шаарынын мэри Кайрат Замирбекович Абдывалиев катышып, өз тилектерин билдиришти.

Дүйнөлүк банк аркылуу капиталдык оңдоого 3 млн 200 миң сом каржыланып, эки тайпа ачылды.

«Азырынча 3 сааттан гана билим берилет. Жакынкы айларда 10 саатка жеткиребиз. Аталган бала бакча 180 орундуу, учурда 130 бала тарбияланууда», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE