Пример HTML-страницы

Кемин районунда баасы 9,6 млн сом болгон 106,3 га жер мамлекетке кайтарылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКемин районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагында өндүрүш багытындагы 106,3 га жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу райондук прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, атайын текшерүүдө аталган жер 1991-жылы Ленин атындагы машина куруучу заводуна пайдаланууга берилип, бирок бүгүнкү күнгө чейин укук аныктоочу документтери жок, муниципалдык менчикке 1999-жылдан бери алынбай келе жатканын жана алардан жергиликтүү бюджетке салык, ижара акы, инвестицициялык төлөмдөрдөр жана башкалар төлөнбөй келингени аныкталган.

Аталган мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө райондук прокуратура тарабынан келтирилген прокурордук актынын негизинде жалпы наркы 968 млн 827 миң сомду түзгөн жер тилкеси толугу менен мамлекеттик менчикке алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE