Пример HTML-страницы

Казакстандагы жолдо кыргызстандык 1 адам каза болуп, 2 адам ооруканага жеткирилди. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 22-майда Казакстанда фура менен «Хендай Солярис» сүзүшүп, кыргызстандык жигит каза болду. Бул тууралуу кырсыктын күбөлөрү билдиришти.

Маалым болгондой, кырсык Актобе облусуна жакын Кара-Бутак айылында болгон. Каза болгону кыргызстандык адам Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургуну болгон.

«Биздин билишибизче жеңил унаа Россия тараптан Кыргызстанган келе жаткан окшойт. Себеби түстөгү, такси кызматында иштеген Россиянын номери тагылган «Хендай Солярис» үлгүсүндөгү унаа экен. Ал фура менен сүзүшүп, айдоочу окуя болгон жерде мүрт кеткени айтылууда. Окуя орун алган жерден 26-27 жаштардагы кыргыз жарандарынын паспортторун көрдүк. Аалар райондун Жерге-Тал айыл аймагынын тургундары экен», — деди алар.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аталган жол кырсыгы боюнча тактоо иштери жүрүп жатканын маалымдады.

«Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Казакстандагы элчилиги тарабынан жабыркаган жана каза болгондун жакын туугандары ыкчам түрдө кабардар болгон. Учурда тиешелүү иштер жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Аксы районунун Кербен шаарынын мэри Эрнист Зияйдинов азырынча ким каза болгону так эместигин айтты.

«Казакстанда орун алган жол кырсыгында биздин Кербен шаарына караштуу Жерге-Тал айылынын жашоочулары жабыркаптыр. Мендеги маалыматка караганда, алар Россияда эмгек миграциясында жүрүп. Кыргызстанга мектепти аяктаганынын 10 жылдык мааракесине келе жатышкан экен. Ким каза болду, ким жаракат алганы тууралуу азырынча так маалымат жок», — деди мэр.

Буга чейин коңшу өлкөнүн ЖМКлары Самара-Шымкент унаа жолунун Актобе облусунда жеңил унаа менен оор жүк ташуучу унаанын катышуусунда жол кырсыгы орун алып, Кыргыз Республикасынын жарандары жабыркаганын жазган болчу.

Ал эми Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги кырсык болгонун ырастап, анын кесепетинен 2 киши жаракат алып, 1 адам каза болгонун тастыкташты. Азыркы маркумдун туугандары сөөктө алып кетүү үчүн Казакстанга бара жатышат. Жаракат алгандар Казакстандын Актобе облустук ооруканасында жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE