Караколдогу лицейдин директору министр менен жолугушууда нааразычылыктарын айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushРеспублика боюнча «Акылман» лицейи сыяктуу 10 билим берүү мекемеси ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 22-август күнү мугалимдердин август кеңешмесинде маалым болду.

Билим берүү жана илим министри Доктуркүл Кендирбаеванын айтымында, учурда инвестиция булактары бекиди. Анда мектептерде жогорку шарттар түзүлүп, имараттар капиталдык оңдоодон өтүп, алдыңкы билим берген мекемелер болот.

Каракол шаарында жайгашкан Т.Сатылганов атындагы лицей-интернатынын жетекчиси Айзада Апасова бир канча маселелерди көтөрдү.

Анда ал санариптешүү учурунда базистик планга ылайык, 10-11-класстарга информатика сабагынын берилбеши, лицейде болуп жаткан иш орундарынын кыскарышын айтты. Муну менен катар кайрылууларда мектептер сеттерге кошулбаганын белгиледи. Ошондой эле, лицей район-шаарга карабагандыктан көз жаздымда калып жатат деген ою менен бөлүштү.

«Район-шаарлардын мектептерине суктанам, ата-энелүүсүңөр деп айтам. Атаңар мэр, энеңер районо, гороно. Мисалы, акыркы жолу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө жыл жыйынтыгын чыгарган сыйлоо аземине биздин лицейден эч ким чакырылыган жок. ЖРТда 200дөн ашык упай алган 7 бала болду. Аларды даярдаган мугалимдер да чакырылбады», — дейт Айзада Апасова.

Пример HTML-страницы

Доктуркүл Кендирбаева «Акылман» лицейинин протатибиндеги 10 мектеп ачыларын айтып, иштөө тартибин түшүндүрдү. Ал эми министрлик өкүлү мектептерди сеттерге кошулуу боюнча иштер жүрүп жатканын айтты.

Ал эми лицейдин сыйлоо аземине чакырылбай калышына Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун директору Чолпонай Сыдыкова түшүндүрмө берди.

«Быйыл өкүлдүн сыйлоо аземине мугалимдериңиздердин катышпаганынын себеби, ал жерде квотада так көрсөтүлгөн. Биринчиден, республикалык олимпиадада орун алган окуучуларды жана «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына ээ болгон окуучуларды жана мугалимдерди сыйлоо деп. Силерде ал да жок. Ошондой эле, ЖРТдан 223 упай алган эки окуучу сыйланды. Анда 200 упайдан ашкан окуучунун баары алган жок. Сиздердин мектептин көрсөткүчү аз болгондуктан мугалимдеринңиздер кошулган жок. Биз бардык критерийлер боюнча сыйлык алуучуларды коштук», — дейт Чолпонай Сыдыкова.

Юстиция органдарынын маалыматы боюнча, Апазова Айзада Жыргалбековна Ысык-Көл облустук Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-лицей-интернатынын директору болуп катталган. Уюштуруучусу Билим берүү жана илим министрлиги.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️