Караколдо жылуулук берүү качан токтотулат?

TurmushКаракол шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдү жана имараттарды 2 ишкана жылуулук менен камсыздайт. Алардын маалыматы боюнча, жылуулук берүү улантылып жатат.

Быйыл кыш эрте түшкөндүктөн жылуулук 8-октябрда берилген. Буга чейин 1-ноябрда берип келген.

«Жылуулук берүү» ишканасынын директору Абай Орозалиевдин айтымында, ишкананын 17 от казаны бар. Бүгүнкү күнгө чейин алар 8 миң 100 тонна көмүр жагышты.

«Жылуулук берүүнү токтотуу аба ырайынан көз каранды. Эреже боюнча, абанын температурасы акыркы 5 суткада +8 градустан жогору болуш керек. Эгер ошондой болсо, мэрия менен кеңешип, от жагуу мезгили токтотулат. Кыш эрте келгендиктен от жагуу мезгили эрте башталган. Андан бери үзгүлтүксүз берип жаттык. Учурда 700 тоннадай көмүр бар. Дагы 10-15 күнгө жетет», — дейт ал

Ал эми «Жылуулук» ишканасында 6 от казан бар. Ишкана бир от жагуу мезгилине 8 500 тонна көмүр керектеп, 822 абонентти жылуулук менен камсыздайт.

Каракол шаарынын вице-мэри Чыңгыз Бапаевдин айтымында, абанын температурасы 5 сутка катары менен +8 градустан жогору болгуча жылуулук берүү улантылат.

Пример HTML-страницы

Былтыр Каракол шаарында от жагуу мезгили 13-апрелде токтотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️