Пример HTML-страницы

Каракол шаарында эки кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарындагы Масалиев көчөсүндө жайгашкан эки кабаттуу, жыгач үйдөн өрт чыкты, деп билдирди аймакты кабарчы.

Маалым болгондой, өрт экинчи кабатка көтөрүлө турган тепкичтен чыккан. Мындан улам тургундар кимдир бирөө атайын өрт койгон деп божомолдоп жатышат. Анткени кечкисин ал жерде өспүрүмдөр жана мас абалындагы адамдар тынчтыктыкты бузган учурлар болуп келген. Жыгач үй үчүн мындай өрт абдан кооптуу экенин айтып, өрттүн чыгуу себебин тыкыр изилдөөнү суранышууда.

Ысык-Көл ОИИБдин маалыматына караганда, 13-июнь күнү саат 03:00 чамасында өрт тууралуу билдирүү келип түшкөн. Жерине кызматкерлер барып, аталган факт Каракол ШИИБ тарабынан каттоого алынган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгын маалыматына ылайык, чакыруу түшкөн кезде жерине №15 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Ɵрттүн кесепетинен 1,5-2 чарчы метрдей тепкич күйгѳн.

Жеринде жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү да болуп, тургундардан кабар алышты. Аталган үйдүн тургундарынын басымдуу бөлүгү социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөр болуп саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE