Кара-Жыгач айыл өкмөтүндө шайлоочулардын 15,4 пайызы добуш берди

TurmushАксынын Кара-Жыгач айылдык кеңешине шайлоо жүрүп жатат. Бул тууралуу БШКнын Аксы району жана Таш-Көмүр шаары боюнча өкүлү Казыбек Шалыбеков билдирди.

Маалыматка караганда, аталган айыл аймакта 21 мандат үчүн 32 талапкер ат салышууда.

«Бүгүнкү күнү райондун Кара-Жыгач айылдык кеңешинде да добуш берүү жүрүп жатат. Анда 21 мандат үчүн 32 талапкер ат салышууда. Тагырагы, айыл аймакта 3 шайлоо округ бар. Кара-Жыгач окуругунда 10 мандат үчүн 17 талапкер, Сыны окуругунда 8 мандатка 10 талапкер, ал эми Дардак-Дөбө округунда 3 мандатка 5 талапкер ат салышууда. Саат 12:00дөгү бирге берген маалыматына караганда, айыл аймактагы жалпы шайлоочулардын 15,4 пайызы добуш берди. Добуш берүү аяктаса, айылдык кеңештин 21 депутатынын 7си аял киши болот», — деди К.Шадыбеков.

Кара-Жыгач айыл аймагында 3 шайлоо участкасы бар. Андан 4496 шайлоочу добуш бере алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️