Кара-Сууда 28 жаштагы жигиттин телефонун тартып алган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Суу районунда тоноого шектелип, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 11-сентябрь күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө 1996-жылы туулган М.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ушул жылдын 10-сентябрь күнү Шарк айыл аймагында көчөдө турган кезде болжол менен 45 жаш курактагы бейтааныш адам ачык түрдө коркутуп, телефонун тартып алган.

Бул факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү катары мурда соттолгон Кара-Суу районунун 1978-жылы туулган Ж.А. (ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат) аттуу тургуну кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.

Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️