Кара-Көлдө «Лексус» сүзүп кеткен 40 жаштагы тургун каза тапты. Күбөлөрдүн видеосу

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында унаа сүзүп кеткен 40 жаштагы тургун каза болду.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы Turmush басылмасына тастыктаган маалыматка караганда, 18-сентябрга караган түнү саат 02:20 чамасында Кара-Көл ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек—Ош унаа жолунун ортосунда унаа сүзүп кеткен жаран жатканы тууралуу кабарланган.

Кара-Көл ШИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган учурда Бишкек—Ош унаа жолунун 388-чакырымында Кара-Көл шаарынын 1984-жылы туулган Д.Т. аттуу тургунун ак түстөгү «Лексус» үлгүсүндөгү автоунаа сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден Ош багытын көздөй кетип калгандыгы аныкталган.

Аталган маалымат Кара-Көл ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүү ишинин жүрүшүндө каза болгон жарандын жансыз денеси Кара-Көл шаардык ооруканасынын өлүкканасына жеткирилип, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Ал эми Д.Т.ны сүзүп, качып кеткен «Лексус» унаасынын айдоочусу Чаткал районунун 1989-жылы туулган М.А. аттуу тургуну экендиги аныкталып, автоунаасы айып короосуна токтотулуп, өзү тергөөгө камсыз кылынды.

Пример HTML-страницы

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Turmush басылмасына маалым болгондой, «Лексустун» айдоочусу А.М.Ж. жүк ташыган унаалардын ишмердүүлүгү менен алектенген компаниянын жетекчиси.

Мындан тышкары Юстиция министрлигинин маалыматтар базасында ал күзөт агенттигинин директору жана түзүүчүсү катары көрсөтүлгөн.

А.М.Ж. Чаткал районундагы жергиликтүү кеңештердин бирине депутат катары талапкер болгон.

Буга чейин жергиликтүү тургундар жол кырсыкка иштебей калган жол чырак себеп болгонун айтышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️