Кара-Көл шаарынын жаңы мэри жамаатка тааныштырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 27-августта Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев жамаатка тааныштырылды.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, жаңы мэрди президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев тааныштырды.

2024-жылдын 26-августунда Орозбаев Нуртилек Орозбаевич Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалганы белгилүү болгон. Тиешелүү документке президент Садыр Жапаров кол койду.

Буга чейин Кара-Көл шаарынын мэри болуп Таалайбек Конкобаев иштеп жаткан. Ал эми Нуртилек Орозбаев Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы болчу.

    Пример HTML-страницы
  • Нуртилек Орозбаев 1991-жылы 20-февралда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда туулган. Ал 2021-жылдын 7-майында Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️