Пример HTML-страницы

Кара-Көл шаарында жаштар жөө жүрүшкө чыкты

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында СПИДге жана зомбулукка каршы жөө жүрүш өттү.

Иш-чара 1-декабрь – СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата уюштурулду. Жөө жүрүшкө мектеп окуучулары жана шаардагы окуу жайлардын студенттери катышты. Алар №4 Шопоков орто мектебинен мэриянын имаратынын алдына чейин жөө жүрүш жасашты.

Ошондой эле зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк акциянын алкагында жаштар жөө жүрүшкө чыкты. Иш-чара 28-ноябрда уюштурулду. Соңунда маданият үйүндө тарбиялык мааниси бар тасма көрсөтүлдү.

Мындан тышкары үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттин мүчөлөрүнө окууну ийгиликтүү аяктаганы үчүн сертификаттар тапшырылды. Алар февраль айында Жалал-Абад шаарындагы «Каниет» реабилитациялык окуу борборунда үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча комитеттер эмне иш алып бара турганы туралуу окуудан өтүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE