Пример HTML-страницы

Кара-Балтада «Алтын тамга» алган жалгыз бүтүрүүчү — Касиет Орозбековага «Мыктылардын мыктысы» сыйлыгы тапшырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКасиет Орозбекова Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарында «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алган жалгыз бүтүрүүчү болду.

Ал райондогу №5 мектепти аяктап жатат. Акыркы коңгуроо аземинде артыкчылык аттестатын алууга укугун тастыктаган Касиетти куттукташты. Ага «Мыктылардын мыктысы 2024» сыйлыгы тапшырылды.

Ал эми Кара-Балта шаардык мэриясы аттестатты тапшыруу аземинде белек берет.

2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы менен «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алуу укугун 149 бүтүрүүчү тастыктады. Алардын ичинен 20 бүтүрүүчү Чүй облусунан.

Тестирлөө 14-майда республика боюнча 36 пунктта өткөрүлүп, ага 2211 окуучу катышты. Талапкерлер «Алтын тамга» тестин 4 предмет боюнча тапшырышты — математика, эне тили жана адабияты, Кыргызстандын тарыхы жана химия.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE