Кан достору тарабынан өлтүрүлгөн 18 жаштагы Абдубакир

TurmushКаракол шаарында 11-класстын окуучусу Дүйшөналы уулу Абдубакирдин өлүмү боюнча айыпталган 3 адам боюнча акыркы өкүм чыкты.

Быйыл Жогорку сотко №47 мекеменин жетекчисинин арызы жана соттолгондордун жаңы жагдайларга байланыштуу ишти кайра кароо боюнча арызы түшкөн.

Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2019-жылдын 12-февралында саат 08:23 чамасында Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу маалымат келип түшкөн. Анда унаа базарынын жанынан азиат түспөлүндөгү белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы кабарланган.

Бул факт боюнча окуя болгон жерге Каракол ШИИБдин жана Ысык-Көл ОИИБдин тергөө-ыкчам тобу барышкан. Окуя болгон жерди текшерүүдө адамдын жансыз денеси табылган. Сөөктүн жанынан кочкул кызыл, болжолдуу кандын издери бар жыгач таяк табылган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө маркумдун өздүгү такталган. Ал Каракол шаарындагы №5 орто мектебинин 11-классынын окуучусу Д.А. болуп чыккан. Каракол шаарыны тургуну, 18 жашта болгон.

Анын ата-энесинен сурамжылоо жүргүзгөндө, өлтүрүлгөн адам 12-февралга караган түнү саат 00:00 чамасында үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келбегендиги аныкталган.

Пример HTML-страницы

Каза болгон 18 жаштагы Абдубакирдин бир тууганы Абдыкерим Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына окуя тууралуу айтып берген.

«Абдубакир уктайын деп жатканда телефону шыңгырап, ал: «Досум келиптир, чыгып келейинчи, кайра эле келем» деп кетиптир. Чечинип алгандыктан футболкасынын сыртынан куртка жамынып чыгып кеткен экен. Ошол бойдон кайтып келген эмес. Сөөгү мал базардан табылды. Андан кийин чогуу жүргөн теңтуш достору келди.

Алар — шектелип кармалган 8 бала аны менен кан дос болгонун, Абдубакир аларга дайыма болушуп, коргоп жүргөнүн айтышты. Анан жакын достору кантип ушундай кадамга барышты? Талашы эмне экени белгисиз. Менимче шектүүлөрдү үйрөткөн башка адамдар болушу мүмкүн», — деген агасы.

Мектеп окуучусунун өлүмү боюнча кылмышка шектелип 8 адам кармалган.

Алар Каракол шаарынын тургундары — 19 жаштагы Н.Т. жана маркум окуган мектептин жогорку класстарынын окуучулары 17 жаштагы Ж.С., К.А., Д.А., С.Д., А.А. жана 16 жаштагы Т.Т., Т.Э.

Өлтүрүлгөн адам менен болгон кастык мамилеси кылмышка мотив катары кызмат кылганы айтылды. Кармалгандардын айтымында, маркум өткөн жылдын декабрь айында аларды сабап жатып биринин уюлдук телефонун тартып алган. Буга байланыштуу алар андан жасалган кылмыш үчүн өч алууну чечишкен. Аны түн ичинде үйдөн чакырып, чогуу ээн жерге барып, жыгач таяк менен өлүмгө жеткирчү соккуларды жасашкан.

2020-жылдын март айында Каракол райондук соту бул иш боюнча 8 айыпталуучуга өкүм чыгарган. Алардын ичинен үчөө [Кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароону сурангандар] — С.Дастан, Ж.Самат жана Н.Талгар абакка кесилди. Дастан менен Талгар 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Ошондой эле ар бирине 90 миң сомдон айып салынды. Сот Саматты 5 жылга эркинен ажыратты.

Ысык-Көл облустук сотунун 2021-жылдын 25-мартындагы өкүмү менен үч соттолуучуга мунапыс колдонулуп, жаза мөөнөтү үчтөн бирине кыскартылган.

Жогорку соттун 2021-жылдын 27-июлундагы чечими менен биринчи жана экинчи инстанциядагы соттордун өкүмдөрү күчүндө калтырылган.

Соттор кандай чечим чыгарды?

Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотунун 2020-жылдын 16-мартындагы өкүмү:

— Сагындыков Дастан Нурланбекович Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык (2019-жылдагы ред.) 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, 90 000 сом айып пул салынган. 180-беренесинин 3-бөлүмү менен кылмыштын курамынын жоктугу үчүн акталган.

— Жапарбеков Самат Жапарбекович Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык (2019-жылдагы редакция) 5 жылга эркинен ажыратылган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 180-беренесинин 3-бөлүмү менен ​​кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган.

— Нурланов Талгарт Нурланович Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык 7 жыл 6 айга эркинен ажыратуу менен 90 000 сом айып пул салынган. КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 180-беренесинин 3-бөлүмү менен кылмыштын курамынын жоктугу үчүн акталган.

Ысык-Көл облустук сотунун 2021-жылдын 25-мартындагы өкүмү:

— Сагындыков Дастан Нурланбекович боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык (2019-жылдагы редакция) Каракол шаардык сотунун 2020-жылдын 16-мартындагы өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган. Кыргыз Республикасынын «Мунапыс жөнүндө» мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктунун негизинде жазанын дайындалган мөөнөтү жана өтөлө элек мөөнөтү 1/3кө кыскартылды.

— Жапарбеков Самат Жапарбекович боюнча Каракол шаардык сотунун 2020-жылдын 16-мартындагы өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган. Кыргыз Республикасынын «Мунапыс жөнүндө» мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктунун негизинде жазанын дайындалган мөөнөтү жана өтөлө элек мөөнөтү 1/3кө кыскартылды.

— Нурланов Талгар Нурланович боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык (2019-ж.) -Каракол шаардык сотунун 2020-жылдын 16-мартындагы өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган. Кыргыз Республикасынын «Мунапыс жөнүндө» мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктунун негизинде жазанын дайындалган мөөнөтү жана өтөлө элек мөөнөтү 1/3кө кыскартылды.

Жогорку соттун 2021-жылдын 27-июлундагы чечими менен 1,2 инстанциялардын өкүмдөрү күчүндө калтырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️