Камчыбек Ташиев той-аштардагы ысырапкорчулукту токтотууга эмне деп жооп берди?

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Сузак районунда Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевден той ысырапкорчулугун токтотууга жардам берүүсү суралды.

«Бизди, кыргызды кыргыздын тоюн түгөтө турган болду. Биздин убактыбызды да, акчабызды да, башка нерсебизди да алып жатат. Төбөсү көккө жеткендиги да той үйүндө эле болуп жатат туугандар. Биздики колунан келгени да, келбегени да ресторанды 6-7 саат ээлеп алып… Баягы эле ыр, баягы эле музыка», — деди Жалал-Абад облусунун казысы Нематилла Жээнбеков.

Камчыбек Ташиев: «Мен катуу киришишим керек экен да ээ? Мен бир катуу киришсем болот анда, токтотобуз» деген жоопту берген.

2022-жылдын 24-февралында президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Пример HTML-страницы

Жарлыктын максаты — Кыргыз Республикасынын жарандарынын социалдык жана экономикалык жашоо деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле диний ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды жана коомдун руханий абалына терс таасирин тийгизүүчү башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулукту болтурбоо.

2023-жылы 15-16-декабрда экинчи элдик курултай Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен өткөн.

Анда президент Кыргызстандын аймактарында ысырапкерчилик жоюлбай, тескерисинче күчөп жатканын билдирген.

Президенттин колуна келген каттардын биринде насыя алууну жеңилдетүү маселеси көтөрүлгөн.

«Насыя алуу үчүн 12-13 кагаз чогултат экен. Алардын санын азайтуу, насыяны тез арада алуу шартын түзүү боюнча тапшырма бергем. Ушул жерден бир нерсени айтып кетишим керек. Насыя десе эле, бекер акча алып жаткандай алып, биз — кыргыздар дароо той берет экенбиз. Мына ушундай фактылар дагы болду. «Кошунамдан эмнем артык. Балам сынып калбасын, жакшы үйлөнтөйүн» деп, бүт насыяны үйлөнүү тоюна жумшап салып, мына азыр насыясын төгө албай отургандар бар.

Насыяны бирди эки, экини үч кылыш үчүн алыш керек. Өзүңдүн менчик акчаңды каякка болбосун чача бер. Мага ыйлап, насыямды жаба албай калдым деп кайрылгандар бар. «Эмнеге жаба албай калдың?» десем, айтпайт. Башка жактан маалымат алсам, той өткөрүп, насыясын жаба албай калган. Ошондойго барбасак», — деген өлкө башчы.

Президент ысырапкерчиликти жоюу үчүн атайын жарлык дагы чыгарганын, бирок ага карабай бул көрүнүш токтобой жатканын баса белгилеген.

«Молдокелерден дагы ысырапкерчиликти жоюу боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзгүлө деп сурангам.

Куда тоскондо түштөндүрүү деген «бир балакетти» таап алышыптыр. Бир туугандарым — улуусу, ортончусу, кичүүсү, кудам, кудамдын кудасы, классташтарым деп отуруп бир жерде бир күндө (ред. — түштөндүрүүдө) 7 жылкы союлуп кетти. Бардың, кондуң, эртеси кеттиң, 7 жылкы… Эмне деген ысырапкерчилик? Андан көрө ошого кеткен чыгымды үйлөнүп жаткан эки балага берсең, батиринин жарым акчасын төлөп коесуң», — деди С.Жапаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️