Камчыбек Ташиев Өзгөндөгү айланма жолдун курулушун көрүп чыкты

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 19-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөндөгү айланма жолдун курулуш иштерин көрүп чыкты.

Маалым болгондой, ал куруучу компаниянын жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, жолдун сапатына көнүл бурууга чакырып, белгиленген мөөнөттө буткөрүүнү тапшырды.

Учурда жол куруу иштери 90 пайызга аткарылган. 14 чакырымга созулган жол төрт тилкелүү жол болуп, Кара-Дарыя жана Жазы дарыя көпүрөлөрү жайгашат.

Ошондой эле Камчыбек Ташиев жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Айланма жолдун курулушу «Ош облусунун Өзгөн шаарынын айланасында айланма автомобиль жолун куруу жана тейлөө боюнча» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча ишке ашып жатат. Буга чейин Өзгөн шаарындагы айланма жол Кыргызстандагы алгачкы акы төлөнүүчү унаа жол болору маалымдалган.

Пример HTML-страницы

Долбоор «Тез Жол» жоопкерчилиги чектелген коому менен «Жагалмай» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан ишке ашырлууда. Ал эми мамлекеттик өнөктөш катары Өзгөн райондук администрациясы көрсөтүлгөн. Долбоор DBFOM (Design-Build-Finance-Operate-Maintain) модели боюнча ишке ашууда. Ага ылайык, жеке өнөктөшкө долбоорлоо, куруу, эксплуатация, техникалык тейлөө жана долбоорду каржылоо функциясы жүктөлгөн.

Жолдун негизги мүнөздөмөлөрү:

— жолдун туурасы — 22 метр;

— тилкелердин саны — 4;

— жол тилкелеринин туурасы — 3,5 метр;

— жол жээгиндеги бөлүгү — 2 метр;

— жол жээгин бекемдөө иштерине — 1 метр;

— тилкелердин ортосундагы коопсуз аймак — 2,75 метр;

— Жазы дарыясы аркылуу өткөн көпүрөнүн узундугу — 77,250 метр;

— Кара-Дарыя дарысы аркылуу өткөн көпүрөнүн узундугу — 197,45 метр;

— кошумча көпүрөлөр, мал-жандык айдап өтүүчү жолдор — 10 даана;

— суу курулмалары — 48 даана;

— долбоордун баасы — 29,4 млн доллар.

Айланма жолдун курулуш иштеринин жүрүшүндө дарыянын нугу бурулуп, 1000 гектарга жакын жер бошоду. Эми ал жерлерге өсүмдүк өстүрүү пландалып жатат.

Буга чейин Министрлер кабинети курулуш иштерин 2024-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалып жатканын билдирген.

Өзгөн райондук администрациясы Turmush басылмасына долбоордун наркы боюнча маалымат берген. Анда жолду бүтүрүү үчүн 2 млрд 600 млн сом сартпталары пландалып жатканы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️