Камчыбек Ташиев өзү окуган интернаттын 324 млн сомго курулуп жаткан имаратын көрүп чыкты

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы В.Терешкова атындагы мектеп-интернаты үчүн 700 орундуу окуу корпусу, 500 орундуу жатакана курулуп жатат.

Маалым болгондой, кечээ, 19-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жатак мектепке барды. Учурда эки объектинин курулуш иштери 60 пайызга аткарылды.

«Эгер курулуш сапатсыз болуп калса, өзүңөр кыйналасыңар. Мен текшерүүчүлөрдү жөнөтүп, ар бир нерсесин текшертем жана ошого карап силердин жумушуңарга баа берилет», — деди Ташиев.

Үч кабаттуу мектепти 2025-жылдын май айында бүткөрүү пландалган. Билим уясы өзүнчө спортзалы, спорт аянтчалары жана башка керектүү жайлары менен курулууда. Учурда объектиде ички жасалгалоо, жылуулук куурун тартуу жумуштары жүрүп жатат. Мектеп 324 млн сомго бааланган. Ал эми 500 орундуу жатакана 4 кабаттан турат.

————————————————————

Пример HTML-страницы

Буга чейин Turmush №11 В.В.Терешкова атындагы жатак мектебинин ордуна 700 орундуу жаңы имараттын курулушу жүрүп жатканын жазган.

Курулуш иштерин «Юг-стройсервис» ачык акционердик коому колго алган.

  • Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Юг-стройсервис» ачык акционердик коомунун жетекчиси — Калбаев Азатбек Долатбекович. ААК 2022-жылы 27-июнда каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: коммерциялык, ишкерлик коомдук уюмдардын (ассоциация) ишмердүүлүгү.

Бул мектеп 1963-жылы жатак мектеп болуп ачылган. 1994-жылы окуучуларды жана мугалимдерин ар кайсы тарапка бөлүп, интернаттын окуу корпусуна «Сема» түрк лицейи орношкон. Ошол учурдагы жетекчилер интернаттын жатаканасынын жарымын сактап калышкан. Учурда окуучулар ошол жатакананын жарымында билим алып, жарымын жатакана катары пайдаланып келишет.

Мында социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, Ош окуясы, Баткен окуясы, Чернобыль окуясына катышкандардын, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген ата-энелердин балдары жана тоголок жетим балдар билим алып тарбияланат.

Turmush 2021-жылдын декабрь айында мектеп-интернаттын директору Зуура Исмаилова 538 бала окуп жатканын, окуучулардын саны көбөйүп жатканын билдиргенин жазган.

Аталган мектеп-интернатында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрөгасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибеков, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Алиярбек Абжалиев (мурунку президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы), мурдагы айыл чарба министри Эркинбек Чодуев жана журналист Эрнис Кыязов окуган.

Ошондой эле 2021-жылы Кыйноолорду алдын алуу борборунун Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлү Улугбек Абдулазимов жана Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү №11 В.В.Терешкова атындагы мектеп-интернатында текшерүү жүргүзүшкөн.

Жыйынтыгында мектеп-интернаттагы бөлмөлөр талапка жооп бербей, бөлмөлөр суук, сыз жана санитардык талаптар сакталбаганы аныкталган.

Ал эми 2022-жылдын ноябрь айынын аягында аталган мектептен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кабар алган.

Мектеп-интернатта 570 окуучу билим алат, алардын ичинен 300 бала жатаканада жашап окуйт. Бирок мектептин эскилиги жетип, шарттар жок болгондуктан, жаңы имарат куруу тапшырмасы президент Садыр Жапаров тарабынан берилген.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жаңы курула турган имараттын аянты, долбоору менен таанышып, курулуш иштерин тездетүүнү тапшырган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️