Көк бөрүчү Бекназар Сокулукта өткөн турнирде мыкты оюнчу деп табылды

TurmushБекназар Аматов Сокулук районунда өткөн көк бөрү оюнунда «Мыкты оюнчу» наамын алды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Каарманыбыз 1996-жылы 2-мартта Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсү. Агасы жана эки эжеси бар.

«Билимим орто, бойдокмун. Ал эми көк бөрүдө 17 жашымдан бери ойноп келем. Көк бөрүгө кызыгып, катышып калганымдын себебин айтайын. Бир дос балам ат минебиз деп, «Рассвет» командасынын сарайына алып барды. Ошол жерден Рустам Тыналиевдин ойногонун көрүп, аябай кызып калдым. Ошондон кийин көк бөрүдө ойногум келип, аракет кыла баштадым.

Кийин Чүй облусунун курама командасына кирдим. Ош облусуна барып, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекесинде жеңишке жетиштик. Андан кийин «Сары-Өзөн Рассвет» командасы болуп биринчи лигада 1-орунду алганбыз. Айтып отурсак, жетишкендиктер көп», — деди ал.

Спортчу көк бөрү боюнча спорт чебери болууга жетишкен.

«Көк бөрү оюну оӊой эмес. Баары эле ойной албайт. Көбүнчө ат миниш керек. Анан физикалык машыгуу кылсаӊ жакшы болот. Бул спортто жаракат алуу, кырсыктап калуу коркунучтары бар. Бирок, биз ага карабай эле ойнойбуз.

Пример HTML-страницы

Мен күрөш менен бир аз машыгам. Келечекте Кыргызстан курама командасында ойногум келет», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️