Пример HTML-страницы

Элиза Саматбекова жолдошу менен кичинекей кезинде эле көрүшкөн

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарынын 28 жаштагы тургуну Элиза Саматбекова кичинекей балдарга массаж жасоону үйрөнүү аракетин көрүп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 2017-жылы медайым кесибине ээ болгон. Азыр декреттик өргүүдө.

«Окууну бүтүп эле Бишкекте балдар реанимациясы бөлүмүндө медайым болуп иштедим. Андан кийин Бишкек шаарында ыкчам хирургия жана урология бөлүмүндө медайым болуп иштедим.

2019-жылдын август айында турмушка чыктым. Эң эле кызыгы жолдошум экөөбүздү өзүмдүн жеңем тааныштырган. Жолдошум жеңемдин бөлөсү болот. Экөөбүз 10 жыл мурун эле Манас атанын күмбөзүндө майрам болуп ошол жактан көрүшкөнбүз. Биз ал жакка жеңем менен барганбыз. Жолдошум да ошол жакка келген эле. Анда биз кичине элек, баарыбыз чогулуп сүрөткө түшүп кеткенбиз. Жолдошум баягы сүрөттү чыгарып алыптыр. Ошондон туура 10 жыл өткөндөн кийин жолдошум экөөбүз бир жерден жолугуп калып, кайра башынан таанышканбыз. Апам (кайын энеси) «Менин келиним мурун эле үйгө келип кеткен. Болочок кайын журтун текшерип кеткен» деп күлүп калат.

Буйрук экен, баш коштук. Бактылуу жашап жатабыз. Учурда 1 уул, 1 кызды тарбиялап жаткан кезибиз. Чындыгында эле аябай жакшы адамдарга келин болдум», — деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жаш келиндер балдарынын ден соолугуна аяр мамиле кылышы керектигин айтты.

«Учурда декреттик өргүүдө онлайн дүкөн иштетип жатам. Ал жакта айымдарга керектүү буюмдарды сатам. Өзүм балалуу болгондон кийин бир маселеге кабылдым. Медициналык билимим болгондуктан кичинекей балага өзүм билемдик менен массаж жасаганга болбой турганын жакшы билем. Таласта балдарга массаж жасагандар жокко эсе экен. 1-2 жерде жасашат экен. Ал жерлерде дагы атайын окуп келген эмес, чоң адамдарга жасаган айымдар экен. Бирок балдар үчүн эч кандай шарты жок. Анан бул кесипти үйрөнүүнү чечтим. Атайын билим алып, бул тармакты өздөштүрүп, Таласта дагы балдарга шарттары менен массаж жасоочу жай ачсам деп иштеп жатам. Учурда чоң адамдарга массаж жасоону окуп жатам. Колум көнүп калган соң, балдар массажына окуйм деп турам.

Азыр ата-энелерге айткым келет. Дарыгер массажга деп көрсөтмө берсе, интернеттен көрүп алып жасап, балага жаракат келтирип алган учурлар бар экен. Баланын ден соолугуна байланыштуу нерселерге жоопкерчилик менен карап, атайын адистерге кайрылуу керек», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE