Пример HTML-страницы

Эки жигитти чала жан кылып, каналга таштап кетишкен. Дагы бир шектүү кармалды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш облусунун Өзгөн районунда козголгон кылмыш иши боюнча дагы бир шектүү кармалып, бир шектүүгө издөө жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 1995-жылы туулган М.Э. аттуу тургуну кармалып, камакка алынды.

Ал эми окуяга тиешеси бар делген Өзгөн районунун 1987-жылы туулган О.Н. аттуу тургунуна издөө жарыяланды.

Буга чейин Turmush Ош облусунун Өзгөн районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жана анын жакындары кармалганын жазган.

Милициянын маалыматына караганда, Ош облусунун ички иштер башкармалыгы УКМК менен биргеликте уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөш жүргүзүүнүн натыйжасында 2024-жылдын 20-майында криминалдык чөйрөдө «Алтын маньяк» каймана аты менен таанымал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, мурда соттолгон 1977-жылы туулган Т.А.ны кармаган. Ошондой эле Өзгөн районунун тургундары — 1996-жылы туулган Н.уулу А., 1986-жылы туулган М.Т. жана О.Б. (мурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (адам уурдоо) боюнча жоопко тартылган) кармалып, камакка алынган.

Алар 2024-жылдын 9-майында Куршаб айыл аймагынын жашоочулары — 1995-жылы туулган Б.З. уулу жана 1997-жылы туулган Б.З. уулун үйүнөн чакырып, мурда болгон мамилелерди чечүү максатында катуу ур-токмокко алып, денелерине жаракат келтирип, чала жан кылып, каналга таштап кетишкен.

Жабырлануучулар денесинен оор жаракат алып, аймактык ооруканага кайрылышкан. Топтолгон материалдын негизинде жана дайындалган экспертизанын корутундусуна ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинде (ден соолукка оор залал келтирүү) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган.

Учурда ИИМ кызматкерлери УКМК менен биргеликте кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE