Пример HTML-страницы

Д.Тойчубеков кыш келери менен «Каракол» лыжа базасына келип, жергиликтүү балдарга лыжа тебүүнү үйрөтүп келет

Акыркы жанылыктар

TurmushБишкек шаарынын 29 жаштагы тургуну Данияр Тойчубеков туризм тармагында гид-котормочу, лыжа тебүү боюнча инструктор болуп эмгектенип келет. Ал өзүнүн кышкы ишмердүүлүгү боюнча аймактык кабарчыга айтып берди.

«Ар жылы ноябрь-декабрь айларында Каракол шаарына келебиз. Анда атайын мектеп бар. Ошол жерде лыжа тебүү боюнча инструктор болом деген жаш жигиттерге жана лыжа сүйүүчүлөргө лыжа тебүүнүн сырларын үйрөтүп келебиз», — дейт ал.

Анын айтымында, жергиликтүү балдар кышкы спортко жакын болуп, лыжа тебүү техникасын 5 күн аралыгында тез үйрөнүп кетүүгө жөндөмдүү. Ошондуктан бул жерде сабак берүүдөн эргүү алат.

«Негизи “Каракол” лыжа базасы Орто Азия боюнча жаңы базалардын арасына кирет. Кооз табияты, тоонун бийиктиги, каардын калың жаашы жана инфраструктурасы өзүнө тартып турат. Быйыл бул жерде 30га чукул баланы лыжа тебүүгө үйрөттүк. Жергиликтүү балдар кышкы спортко абдан кызыгышат. Инструктор болом дегендер да көп. Мындан улам биз жыл сайын 20-30 инструктор дардаганга аракет кылабыз. Атайын долбоорлор менен келип, сабак өтүп турабыз», — дейт ал.

Данияр Жаңы жылдан кийин Бишкек шаарынын тегерегиндеги лыжа базаларына кетет.

«Мен 2012-жылдан тарта лыжа тебе баштагам. Алгач лыжа тебүүнү туура эмес өздөштүрүп, тээп жүрө берген экем. Көпчүлүк эл да лыжа тебүүнү өз алдынча үйрөнүп, туура эмес техника менен тээп жүрө беришет. Ошондуктан лыжада эң башкысы туура тебүүнү үйрөнүү. Анда эң алгач эле коопсуздук да каралат.

2016-жылы “Winter Sport Project” деген долбоорго катышып баштагам. Ошол жактан лыжаны туура тебүүнү үйрөндүк. Негизи туура тээп үйрөнсөк, бул албетте коопсуздук. Ушулардын баарын эске алсак, лыжа тебүү пайдалуу жана кызыктуу болот», — дейт инструктор.

Ошентип, 2018-жылдан тарта лыжа тебүүнү башкаларга үйрөтө баштаган.

«»Биринчи жолу лыжа үстүнө турган адам алгач эмнеге көнүл бөлүш керек?» деп калдыңыз. Чынында бул суроого жооп берүү өтө оор. Анткени лыжа тебүү кооптуу жана оор жаракат ала турган спорттун түрү. Ушундан улам бирөөгө лыжа тебүүнү үйрөтүү чоң жоопкерчилик деп билем. Анткени анын ден соолугу, өмүрү жана коопсуздугу түздөн-түз сага байланыштуу», — дейт ал.

Каарманыбыз англис, орус жана кыргыз тилинде эркин сүйлөп, жол көрсөткүч (гид) катары конокторго өлкөнүн эң кооз тоолорун, жерлерин көрсөтүп келет. Көбүнчө Европадан келген коноктор менен иш алып барат.

«Келечекте тоо лыжасы аркылуу Кыргызстанды дүйнө жүзүнө таанытууну максат кылуудамын. Лыжа жайларын көбүрөөк куруп, жергиликтүү мыкты инструкторлорду тарбиялап, анын эсебинен туристтерди өзүнө тарткан таанымал өлкөнүн атуулу болууну тилек кылам», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE