Чындыгында чалкан бир букет ооруну дарылайт.

https://kyrgyzcha.site/?p=47529&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Чындыгында чалкан бир букет ооруну дарылайт.

100 г жаңы үзүлгөн жалбырагында 84 г суу, 2-3 г белок, 3-4 г кант, эфир майы флавоноид жана аминокислоталар бар. Мындан сырткары 100 мг С витамини, 10 мг жакын каротин, Д, Е витамини да табылган. Минералдык курамы боюнча чалкан шпинатка, козу кулакка окшош, бирок темир көбүрөөк -3,9г. Дагы бир пайдасы — курамындагы калий тузу жүрөк-кан тамырлар ооруларынан улам пайда болгон шишикти кетирүүдө маанилүү роль ойнойт.

 

Чалкандан кантип фиточай даярдалат?

 

Ал үчүн 1-2 аш кашык кургатылган жалбырагын 150 г кайнак сууга салып демдеп 15 мүнөттөн кийин чыпкалап аласыз. Бир күндө 4 стакандан ичилет, ошону менен катар ушунча эле суу же суусундук ичүү абзел.

Пример HTML-страницы

 

Чалкандан даярдалган фиточай аз кандуулукта, оорутуп келген этек кирде, жатындан, мурундан кан токтобогон учурда, кант диабетинде, өнөкөт бронхит, ревматизмде, боор, бөйрөк ооруларында, шишикте, чач түшкөндө кошумча дары катары сунушталат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️