Пример HTML-страницы

Чолпон Исаева музейде болгон окуяны унутпайт

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунун Кырк-Казык айылынын 46 жаштагы тургуну Чолпон Исаева музейде бөлүм башчы болуп эмгектенип жатат. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде жумушу тууралуу айтып берди.

Чолпон Исаева Талас районунун Кара-Ой айылында төрөлүп, Кырк-Казык айылына келин болгон. Жолдошу экөө учурда 3 уулду тарбиялап жатышат.

«1993-жылы Бишкек педагогикалык музыкалык колледжине тапшырып, 1997-жылы аяктагам. 2015-жылы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун хордук оркестрдин менеджери бөлүмүнө тапшырып, аны 2020-жылы аяктагам. «Манас ордо» комплексинде 2007-жылдан баштап баяндамачы болуп эмгектенип баштагам. 2018-жылдан баштап ошол эле комплексте илимий кызматкер болуп иштедим. Азыркы учурда «Манас эпосу» музейинде бөлүм башчы болуп иштеп жатам.

«Манас» ордо бул — касиеттүү жер, өзүнө сырдуу дүйнөнү камтыйт. Башында мектепте мугалим болуп иштеп жүрдүм. Анан тарыхка кызыккандыктан, ушул жерге жумушка келгем. Өзүм элдик дастандарды айтып жүрөм, ошол дагы түрткү болду. «Манас» эпосуна кызыгуум артып, анан баяндамачы болуп иштеп калдым. Өзүмө кесибим абдан жагат, кара сөз менен эпосту элге жеткирүү мага чоң сыймык.

«Манас ордо» комплексине Таласка мейман болуп келген адамдардын баары келип, ордого зыярат кылып, тарыхын угуп кетишет. Карапайым адамдан баштап, өкмөттүн делегациясы, ажолорубузга чейин келип, ыйык туткан жерге иштөө ар кимге эле буйрубайт деп ойлойм. Бизге сырттан дагы көп туристтер келет. Мен музейде баяндап бергенде, баары абдан ыраазы болуп, рахматын айтып кетишет. Мага ошол дагы көп дем берчү. Сырттан келген конокторго дүйнөнүн эч бир жеринде 45 скульптурадан турган оркестр жок деп айтабыз. Комплекстин гүлзар бакчасында Манас атанын айкели анан 40 чоросу жайгашкан. «Манас» — эң чоң эпос. Бул жерде айлыгы аз болсо дагы, берекелүү», — деди ал.

Чолпон Исаева жумуш учурунда кабылган окуя тууралуу айтып өттү.

«Баяндамачы болуп иштеп жүргөндө алгач музейге манасчы Саякбай Каралаев, Сагынбай манасчынын «Манас» айтып жаткан образдары жасалып коюлду. 18-май күнү музей күнү белгиленет. Анан «Түнкү музей» аталышындагы иш-чара болуп, түндө кала бердик. «Ночь в музее» деген тасма көргөм, ал жакта түндө баары тирилип кетет. Аны элестетип алып, коруп, баягы эки манасчы отурган эстеликтердин жанынан өтө албай, коридордон «Манас» айткан үндөрү угулгансыды. Барып кесиптештериме айтсам, абдан күлүшкөн эле.

Андан кийин илимий кызматкер болуп иштедим. Ал жактан экспедицияга чыгабыз. Байыркы буюмдарды табуу боюнча атайын иш-чаралар өтүп, элдик мураскерлерди таап, Талас өрөөнүнөн эле канчалаган тарыхый жерлерди, аймактарды таба алдык. Жер алдында канча деген тарых бар экенин көрүп келебиз. Азыр археолог, түркологдор менен иштешип, табылгалардын доорлорун, тарыхын таба алабыз. Анын жыйынтыгында илимий макалаларды жазабыз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE