Чаткал районунда кар көчкүнүн айынан өчкөн электр жарыгы кайра калыбына келтирилди

TurmushКар көчкү алдында калган электр мамылар, аба чубалгылар кайрадан калыбына келтирилип, Чаткал районунун тургундарына электр жарыгы берилди. Бул тууралуу «Жалалабатэлектро» ААКтын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 13-мартка караган түнү Чаткал районунда кар түшүп, 3 электр мамы көчкү алдында калган. 13-март күнү Чаткал район электр тармактар ишканасынын бардык кызматкерлери авариялык өчүүлөрдү калыбына келтирүү үчүн дароо борбордук фидерин жандырууга киришкен. 10 кВ жогорку чыңалуудагы аба чубалгысын ишке берип, 9 ТПны кошуп, 850 абонентти электр энергиясы менен камсыз кылууга жетишкен.

«Ала-Бука район электр тармактары ишканасынан 8 электр монтер, 2 атайын техника (манипулятор, УАЗ) кошумча жардамга жөнөдү. Бирок, Чапчыма ашуусундагы кар көчкүнүн кайталанышы, жолдун жабылышы кошумча күчтү артка кайтарууга мажбур кылды. Ага карабастан түнү менен жолдун ачылышын күтүп, 15-мартта таңкы саат төрттө Чаткал жергесине барышты. Кар көчкү астында калган 3 электр мамыны калтырып, жанынан өткөн фидерге 8 электр мамы орнотушту. Бул жумуштар түнкү саат 22:00гө чейин жүрдү.

2-бригада Айгыр-Жал айылындагы электр мамычаларды калыбына келтирсе, 3-бригада тоо аралап, кар кечип, Ак-Таш айылына чейинки электр зымдарын текшерүүгө алып, иреттеп, айылга чейин электр жарыгын берди. Айыл өкмөттүн техникасы жардамга келди. Бүгүн, 16-мартта жаңы орнотулган 8 электр мамыга аба чубалгыларды тартуу (монтаждоо) иштери аягына чыгайын деп калды. Кечке чейин Кайың-Суу жана Айгыр-Жал айылдарына электр энергиясы берилет», — деп айтылатта маалыматта.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️