Turmush — Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылынын жанында жайгашкан эстеликтери жок мүрзөлөр көпчүлүктү таң калтырып жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.
«Токмок шаарынан Бишкекке келе жатканда, бир дагы эстелиги жок мүрзөлөрдү жолуктурдук. Кичинекей белгилери эле бар экен. Негизи эски мүрзөлөрдүн ордуна дыйканчылык кылууга болот. Кайсы бир мезгилде бул жерлерди иштетсе болот», — деди алар.
Ысык-Ата районунун имамы Пазылбек Абдурахмановдун айтымында, бул мүрзө Ивановка айылына караштуу.
«Ивановка айылындагы мүрзө ушундай. Эчтекеси жок, бир гана белги бар. Ал кирпич. Негизи шариатта мүрзө ушундай болот. Чоң эстеликтер — ысырапкерчилик. Тирүү адамдар колдонула турган буюм менен тосуу күнөө болот», — деди ал.
Социалдык тармактарда айрым колдонуучулар мындай көрүнүш чанда гана кездешерин белгилешүүдө.