Чач үчүн – горчица жана май маскасы

https://kyrgyzcha.site/?p=64071&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Чач үчүн – горчица жана май маскасы

 

Сулуулук боюнча адистер чачка 3 күн горчица маскасын жабууну сунушташат. Аны даярдоо үчүн кургак горчица порошогун өсүмдүк майына аралаштырып, коюу ботко жасайсыз. Суу чачка сүртүп, жарым сааттан соң жууп салуу керек. Масканы туруктуу колдонуунун натыйжасында чачтарыңыз тез өсүп, өзгөчө көрүнүп калат.

 

Бул масканы төмөнкүлөр үчүн колдонууга болбойт: гипертония учурунда, кош бойлуулар, жүрөк-кан тамыр оорулуулар, псориаз, жара, баш терисинин сезгенүүлөрү барлар жана горчицага аллергиясы бар адамдар.

 

Пример HTML-страницы

 

 

Беттин териси үчүн

 

Күн сайын уйку алдында тазаланган териге глицерин менен Е витаминдин аралашмасын тазаланган бетке сүйкөө керек. Аралашманы даярдоо үчүн 30 г глицеринге 10 капсула Е витаминди аралаштыруу кажет. (Капсуланы ийне менен сайып, ичиндегисин сыгып алууга болот).

 

Аралашманы колдонуунун алдында беттин терисин жумшак щетка менен сүртүп алсаңыз, клеткалар пайдалуу заттарды жакшы сиңирет. Теринин клеткалары азыктанып, бырыштар жазылып, түсү оңолот.

 

Көңүл буруңуз:

 

Аралашманы колдонуунун алдында гана жасоо керек;

 

Глицеринди дарыканадан гана сатып алуу зарыл;

 

Е витаминге аллергия бар жогун алдын ала текшерип коюу шарт. Ал үчүн дарыны чыканактын ички бетине сүртүп көрүү керек.

 

Бут үчүн

 

Кечки жуунуудан соң бутуңузга мята майы кошулган каймак май сүйкөп, байпак кийип жатып алсаңыз болот. Синтетика аралашпаган, пахта же жүн байпак кийүү кажет. Бул ыкма буттун терисин жумшартат. Процедураны бир ай жасаган соң, буттун териси назик болуп калат.

 

Кирпиктер үчүн

 

Кирпиктерди азыктандыруу мезгили келди. Туштун бошогон идишин таза жууп алыңыз. Аны кургактап, ага дан буудай данынан алынган майды куюңуз. Күнүгө уйку алдында кирпиктериңизге майды сүйкөп туруңуз. Бир айдан кийин кирипктериңиз калың жана сулуу болуп калганын байкасыз.

 

Эгерде сиздин өзүңүздүн сулуулук сырларыңыз болсо, биз менен бөлүшүңүз.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️