Чүйдө 5 унаа кагышып, адамдар ооруканага жеткирилди (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн 1-сентябрт күнү Бишкек–Нарын–Торугарт айланма жолунда бир нече унаанын катышуусунда жол кырсык катталды. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, мындан улам жолдо унаалардын узун тыгыны пайда болду. Азыркы учурда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери жеринде иш алып барууда.

Ал эми Токмок шаарындагы ооруканадан, аталган кырсыктан 5 киши жабыркап түшкөнүн билдиришти.

«5 кишинин бири өспүрүм жана анын абалы оор. Учурда жандандыруу бөлүмүндө эс-учуна келбей жатат. Калган 4 бейтаптын абалы туруктуу», — деп айтылат маалыматта.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү алдын ала маалымат боюнча саат 16:30 чамасында Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 50-чакырымында 5 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталганын кабарлады.

Пример HTML-страницы

«Алдын ала маалыматтар боюнча «Субару Аутбэк» үлгүсүндөгү унаанын дөңгөлөгү жарылып, карама-каршы тилкеге чыгып, ошондон улам жол кырсыгы катталган. Каза болгондор жана жаракат алгандар бар», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️