Чүй облусунун тургундары бийлик өкүлдөрүнө нааразычылыктарын айтышты

Акыркы жанылыктар

Turmush22-августта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Чүй облусунун Панфилов районунун эли менен жолугушту.

Ага президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев, Башкы прокурордун биринчи орун басары Баймурза Маатов, Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов , Панфилов районунун акими Бекмаат Масаидов, жергиликтүү жетекчилер жана тургундар катышты.

Жыйында жергиликтүү тургун ооруканаларда дарыгерлердин жетишсиздигин айтып нааразы болду.

«Эркин-Сай айылынын 66 жаштагы тургунумун. 30 жыл сейсмология институтунда иштедим. Бизде ААРден кийин Орто жана Вознесеновка айыл аймактары бириктирилип, Орто-Кайыңды айыл өкмөтү түзүлдү. 1923-жылы айылда оорукана курулган. Азыр ал авариялык абалда. Эч ким келбейт. «Бала ыйлабаса, эмчек кайда» дегендей ал жерде 5-6 медайым отурат. Дарыгер деген жок. Мен 3 жылдан бери сахар болуп ооруп келем. Ай сайын дарыгерлердин кеңеши менен дарыланып турушум керек. Биздин райондук ооруканабыз 2-3 жылдан бери оңдоп-түзөө иштери болуп жатат. Кара-Балтага барсам кабыл албай койду. Мен эмне Кытайдан келдим беле? Айласыздан облуска бардым. Медицинада коррупция бар. Менин ашыкча каражатым жок. 2-3 уй багып, малина өстүрүп, үй-бүлөмдү багып келем. Малинанын баасы 100 сомго түшүп кетти. Дарыланууга каражат топтой албай жатам. Айылга дарыгер бергилчи», — деп кайрылды.

Бул боюнча аким Бекмаат Масаидов районго штат боюнча 82 дарыгер керек болсо, азыр 34 гана дарыгер бар экенин айтты. Ал эми райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун директору Жалил Абдыкалыков Эркин-Сайга сентябрь айында дарыгер бара турганын белгиледи.

Пример HTML-страницы

Ал эми Чалдыбар айылынын тургуну Алмазбек Жапаралиев суу сактагычтын курулушу кечигип жатканына нааразы болду.

«Долбоор бүттүбү? Качан курасыңар?», — деп жетекчилерден сурады.

Ошондой эле, Жайылма айылындагы көлмө тууралуу Доктурбек Кутманалиев маселе көтөрдү.

Айтылган маселелерге тиешелүү жетекчилер тарабынан оозеки жооп берилип, айрымдарынын арыздары кабыл алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️