Чүй облусунда 7-апрель — Элдик революция күнү кандай белгиленди?

TurmushЧүй облусунун аймактарында 7-апрель — Элдик революция күнү белгиленди. Аймактык кабарчы райондордогу иш-чараларды топтоду.

Кемин райондук мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 7-апрелде каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жаракат алган катышуучуларга материалдык жардам көрсөтүлүп, эскерүү митинги өткөрүлүп, эстеликке гүлчамбар коюлду. Каза болгондордун рухуна багышталып куран окулду.

Мындан тышкары, жалпы билим берүү мекемелеринде революция күнүнө карата ачык тарбиялык сааттар өтүлүп, курман болгондордун элесине арналган видео көрсөтүлүп, көркөм окуулар айтылып, чакан сценкалар коюлду.

Ошондой эле, райондун китепканаларында көргөзмөлөр уюштурулду.

Сокулук районундагы эскерүү иш-чарасына Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев, Шопоков шаарынын мэри Адылбек Бекболотов, айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана Апрель окуясынын катышуучулары катышты.

Эске салсак, Сокулук районунан Апрель окуясына 55 адам катышып, анын 12си каза болгон, 31 киши жараат алган.

Пример HTML-страницы

Ысык-Ата районундагы эскерүү иш-чарасына райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери, Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев жана Апрель окуясынын катышуучулары катышты.

Ушундай эле иш-чара Токмок шаарында жана башка райондордо дагы белгиленди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️